Базарлар логистикалык борборлорго айланышы мүмкүн

Базарлар логистикалык борборлорго айланышы мүмкүн

Электрондук коммерцияны активдүү өнүктүрүү үчүн чечүүчү факторлор логистиканын өнүгүшү жана төлөм системаларынын туруктуулугу экенин Соода саясаты жана ДСУ бөлүмүнүн башчысы Римма Кисилёва жана ЕРӨБ КРнын бажы саясаты жана инфраструктура боюнча жетекчи адиси Алина Кулжанова жергиликтүү ЖМКга берген маегинде билдиришти.

Алардын айтымында, барган сайын көптөгөн кыргызстандык өндүрүүчүлөр — биринчи кезекте тигүү тармагынын өкүлдөрү жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчүлөр — эл аралык санарип соода аянтчаларына чыгып жатышат. Айрыкча, белгилүү бир маркетплейсте бүгүнкү күндө Кыргызстандан болжол менен 18 миң сатуучу катталган.

“Бул компаниялар Кыргыз Республикасында катталган, салыктарды төлөшөт жана укуктук чөйрөдө иштешет. Мындан тышкары, логистикалык сектор да — транспорт жана курьердик кызматтар — салыктык түшүүлөрдү алып жатат”, — деп белгилешти эксперттер.

Алардын байкоосуна караганда, электрондук соода салттуу рынокторго басым жасай баштады. “Дүң сатуучулар жүгүртүүнүн азайганына нааразы. Аларга өздөрүнүн санариптик платформаларын түзүп, онлайн-форматка өтүү сунушталууда. Убакыт өткөн сайын базарлар ири логистикалык кампаларга айланышы мүмкүн”, — деп кошумчалашты алар.

Эксперттер керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маселесине да көңүл бурушту. Алардын айтымында, электрондук соодадагы керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо мыйзамдык деңгээлде бекитилген, ар бир платформада товарды кайтаруу саясаты болушу шарт. Ошондой эле ЕАЭБ алкагында товарларды милдеттүү сертификациялоо системасы иштейт.

Мындан тышкары окуңуз

Орозо айт майрамы 20-мартта белгиленет

Орозо айт майрамы 20-мартта белгиленет

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2026-жылдын Орозо айт майрамын 20-март, жума күнүнө дал келе тургандыгын маалымдады. Бул чечим Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-өлкөлөрүнүн муфтияттарынын алдындагы фатва кеңешмесинде кабыл алынган. Мындан сырткары, 2026-жылдагы Кадыр түн 16-марттан 17-мартка караган түнү белгилене тургандыгын Муфтияттан кабарлашты. Орозо айттын урматына карата кийинки жумада кыргызстандыктар 3 күн дем

Кайсыл өлкөлөрдүн финик, инжир, ананас, авокадо, гуава жана манголорун жеп жатабыз?

Кайсыл өлкөлөрдүн финик, инжир, ананас, авокадо, гуава жана манголорун жеп жатабыз?

2025-жылы Кыргызстанга 19 004,4 тонна жаңы жана кургатылган финик, инжир, ананас, авокадо, гуава жана манго импорттолгонун (ТН ВЭД коду 0804) Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына жүргүзүлгөн талдоо көрсөткөн. Импорттун жалпы суммасы 11,7 млн долларды түзгөн. Жеткирүүлөрдүн көлөмү 2024-жылга салыштырмалуу 3,8%га көбөйгөн. Эң көп продукция төмөнкү өлкөлөрдөн алып

Өкмөттө айыл чарбасын каттоого даярдык талкууланды

Өкмөттө айыл чарбасын каттоого даярдык талкууланды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун төрагалыгы алдында өлкөнүн айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү боюнча жумушчу кеңешме өттү. Жыйынга тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери катышты. Ал эми Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрациялардын жана шаар мэрияларынын башчылары

Жаңы тарифтер электр энергиясынын өздүк наркынын 45%ын гана жабат

Жаңы тарифтер электр энергиясынын өздүк наркынын 45%ын гана жабат

1-майдан тартып тарифтер өзгөргөнүнө карабастан, Кыргызстандагы калк электр энергиясынын чыныгы өздүк наркынын болгону 45%ын гана төлөрүн Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу департаментинин директору Тимур Орозалиев билдирди. Анын айтымында, 2026-жылы электр энергиясынын бир киловатт-саатынын өздүк наркы 3 сом 3 тыйын болуп эсептелет. "1-майдан тартып тариф 1 сом 64 тыйын болот.