"Айыл Банк" эми баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзө алат

"Айыл Банк" эми баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзө алат

"Айыл Банк" ААКсына баалуу металлдар менен накталай формада операцияларды жүргүзүү укугу берилгенин Улуттук банктан билдирди.

УБдан билдиришкендей, эми "Айыл Банк" ААК башка эмитенттердин төмөнкү баалуулуктары менен операцияларды жүргүзүүгө мүмкүндүк алат:
  • аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куймалар;
  • жогорку сапат белгисине ээ күмүш, алтын, платинадан жасалган монеталар.

Бул уруксат "Айыл Банкка" Кыргызстандагы баалуу металлдар рыногунда өз кызматтарынын спектрин кеңейтүүгө жана кардарларына баалуу металлдарды сатуу жана сатып алуу боюнча кошумча мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө шарт түзөт.

Ошондой эле "Берекет Банк" ЖАКысына улуттук жана чет өлкө валютасында банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берилди.


Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreads жана Хканалдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Орозо айт майрамы 20-мартта белгиленет

Орозо айт майрамы 20-мартта белгиленет

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2026-жылдын Орозо айт майрамын 20-март, жума күнүнө дал келе тургандыгын маалымдады. Бул чечим Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-өлкөлөрүнүн муфтияттарынын алдындагы фатва кеңешмесинде кабыл алынган. Мындан сырткары, 2026-жылдагы Кадыр түн 16-марттан 17-мартка караган түнү белгилене тургандыгын Муфтияттан кабарлашты. Орозо айттын урматына карата кийинки жумада кыргызстандыктар 3 күн дем

Кайсыл өлкөлөрдүн финик, инжир, ананас, авокадо, гуава жана манголорун жеп жатабыз?

Кайсыл өлкөлөрдүн финик, инжир, ананас, авокадо, гуава жана манголорун жеп жатабыз?

2025-жылы Кыргызстанга 19 004,4 тонна жаңы жана кургатылган финик, инжир, ананас, авокадо, гуава жана манго импорттолгонун (ТН ВЭД коду 0804) Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына жүргүзүлгөн талдоо көрсөткөн. Импорттун жалпы суммасы 11,7 млн долларды түзгөн. Жеткирүүлөрдүн көлөмү 2024-жылга салыштырмалуу 3,8%га көбөйгөн. Эң көп продукция төмөнкү өлкөлөрдөн алып

Өкмөттө айыл чарбасын каттоого даярдык талкууланды

Өкмөттө айыл чарбасын каттоого даярдык талкууланды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун төрагалыгы алдында өлкөнүн айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү боюнча жумушчу кеңешме өттү. Жыйынга тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери катышты. Ал эми Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрациялардын жана шаар мэрияларынын башчылары

Жаңы тарифтер электр энергиясынын өздүк наркынын 45%ын гана жабат

Жаңы тарифтер электр энергиясынын өздүк наркынын 45%ын гана жабат

1-майдан тартып тарифтер өзгөргөнүнө карабастан, Кыргызстандагы калк электр энергиясынын чыныгы өздүк наркынын болгону 45%ын гана төлөрүн Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу департаментинин директору Тимур Орозалиев билдирди. Анын айтымында, 2026-жылы электр энергиясынын бир киловатт-саатынын өздүк наркы 3 сом 3 тыйын болуп эсептелет. "1-майдан тартып тариф 1 сом 64 тыйын болот.