Кыргызстан компаниясынын катышуусунда компьютерлердин системалык блоктору чыгат

Кыргызстан компаниясынын катышуусунда компьютерлердин системалык блоктору чыгат

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинде Кыргызстандын компаниясынын катышуусу менен жеке компьютерлердин системалык блокторун өндүрүү боюнча кооперациялык долбоор жана ЕАЭБ бюджетинен субсидия берүү жактырылганын Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Долбоордун демилгечиси Россиянын “Сбербанк” коомдук акционердик коому. Аны россиялык “Бештау Электроникс” ЖЧКсы Кыргызстандан жана Беларустан келген ишканалардын катышуусу менен ишке ашырат.

Кыргызстандан системалык блоктор үчүн металл корпустарын жеткирүүчү катары “Кыргызэлектроника” ЖЧКсы катышат. Долбоор боюнча ишкананын болжолдуу кирешеси 2030-жылга чейин 175 миң корпусту жеткирүүдө 416,5 млн рублди түзөт.

Долбоор даярдоо мезгилин (2026-жылдын 1-кварталы – 2027-жылдын 1-кварталы), өндүрүштүн эки этабын ишке киргизүүнү жана 2028-жылдын 2-кварталында толук кубаттуулукка чыгууну карайт. 

ЕАЭБ бюджетинен субсидиянын көлөмү 222,2 млн рублди түзөт, бул Россия Банкынын негизги ставкасын эске алуу менен кредиттик ставканы 23%дан 6,5%га чейин төмөндөтөт.

 

Мындан тышкары окуңуз

АКШда бензин 23,5%га кымбаттады

АКШда бензин 23,5%га кымбаттады

АКШда Жакынкы Чыгыштагы согуш башталгандан бери бензиндин орточо баасы 23,5%га өсткөнүн The New York Times басылмасы билдирди. Басылманын маалыматына ылайык, ишемби күнү өлкө боюнча күйүүчү майдын орточо баасы галлону үчүн 3,68 долларга жетти. Баанын өсүшү дүйнөлүк рынокто мунайдын кескин кымбатташы менен байланыштуу. Акыркы эки жуманын ичинде дүйнөлүк

Трамптын администрациясы TikTok боюнча келишимден 10 миллиард доллар алат

Трамптын администрациясы TikTok боюнча келишимден 10 миллиард доллар алат

АКШ президентинин администрациясы Дональд Трамп TikTok тиркемесинин америкалык бөлүмүн инвесторлор тобуна өткөрүп берүү боюнча келишимде ортомчулук кылганы үчүн 10 млрд долларга чейин сый акы алышы мүмкүн экенин The Wall Street Journal басылмасы жазды. Басылманын маалыматына ылайык, TikTokтун америкалык бизнесине инвестиция салган тараптар популярдуу тиркеме АКШ рыногунда ишин улантышы үчүн АКШ

Ошто курулуп жаткан отуздай объектинин биринин да тийиштүү документи жок – Нурдан Орунтаев

Ошто курулуп жаткан отуздай объектинин биринин да тийиштүү документи жок – Нурдан Орунтаев

Курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев менен чогуу 14-мартта калаада көп кабаттуу үйлөрдү, түрдүү мамлекеттик имараттарды жана жол куруп жаткан ишкерлер менен жолугушту. Жолугушууда айрым ишкерлер курулушту өз акчасына салып жатышканын жана алардын цемент, кыш сыяктуу курулуш материалдарын чыгаруучу заводдордо миллиондогон

Бишкектеги муниципалдык ишканаларга 38 даана жаңы атайын техника берилди

Бишкектеги муниципалдык ишканаларга 38 даана жаңы атайын техника берилди

14-мартта Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык ишканаларына 38 даана жаңы атайын техника тапшырылганын мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Техника Турак жай-коммуналдык чарба кызматкерлеринин күнү (ЖКХ кызматкерлеринин күнү) менен байланышкан иш-чаранын алкагында берилген. Кайсы ишканалар канча техника алды: * Бишкекасфальтсервис — 22 даана * Бишкекводоканал — 8 даана * Бишкексвет — 8 даана Ошондой эле майрамдык иш-чара Жаштык