Зергерчилик тармагын өнүктүрүү үчүн жаңы Жарлык чыкты

Зергерчилик тармагын өнүктүрүү үчүн жаңы Жарлык чыкты

Президенти Садыр Жапаров зергерчилик өнөр жайын комплекстүү өнүктүрүү жана ата мекендик ювелирдик өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүү максатында "Экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Жарлык алкагында зергерчилик тармагын колдоого багытталган негизги чаралар камтылган:

  • Импорт жана экспорт боюнча жеңилдиктер: жабдуулар, технологиялар, реактивдер жана жарым фабрикаттарды импорттоодо, ошондой эле ювелирдик буюмдарды чет өлкөлүк көргөзмөлөргө чыгууда бажы жана салык жеңилдиктери каралган.
  • Зер буюмдарын легалдаштыруу: эки айдын ичинде мурда ташылып келинген же өндүрүлгөн баалуу металлдардан жасалган буюмдарды текшерүүгө мораторий киргизилет.
  • Өз эн тамгасын колдонуу: ата мекендик өндүрүүчүлөр ювелирдик буюмдарын өзүнүн үлгүсүн ырастоочу эн тамгасы менен белгилей алышат.
  • Чийки затты алуу: Мамлекеттик фонддун баалуу металлдарына жана таштарына жеткиликтүүлүк жеңилдетилип, чийки затты төлөө мөөнөтү 180 күнгө чейин жылдырылат.
  • Жеңилдетилген кредит берүү: Улуттук банк жана коммерциялык банктар менен биргеликте жеңилдетилген кредиттер каралат.
  • Көзөмөл жана сапатты камсыздоо инфратүзүмү: "Манас" эл аралык аэропортунда лаборатория түзүлүп, башка региондордо лаборатория тармагын кеңейтүү пландалууда.
  • Базарды кеңейтүү: ЕАЭБ алкагында эн тамгаларды өз ара таанууну тездетүү аркылуу экспорт мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилет.
  • Отчеттуулукту санариптештирүү: маалыматтар жана отчетторду санариптик алмашуу системасы аркылуу жөнөкөйлөтүү каралган.
Жарлыктын максаты — ата мекендик ювелирдик өндүрүштү колдоо, рынокту кеңейтүү жана сапаттуу продукцияны камсыздоо.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте чарба кызматкерлеринин айлык акысы 50%га көтөрүлөбү?

Бишкекте чарба кызматкерлеринин айлык акысы 50%га көтөрүлөбү?

Бишкекте борбор калаадагы Жаштык арена аренасында биринчи жолу турак жай-коммуналдык чарба кызматкерлеринин (ТЖКЧК) күнүнө арналган масштабдуу иш-чарада Бишкек мэри ТЖКЧК кызматкерлеринин айлык акысы жогоруларын билдирди. Салтанатка шаардык чарба департаментинин кызматкерлери, ошондой эле "Тазалык", "Бишкексвет", "Бишкекшаардыклифт", "Бишкекжашылдандыруу", "Бишкексууканал", "Бишкек ритуалдык

АКШда бензин 23,5%га кымбаттады

АКШда бензин 23,5%га кымбаттады

АКШда Жакынкы Чыгыштагы согуш башталгандан бери бензиндин орточо баасы 23,5%га өсткөнүн The New York Times басылмасы билдирди. Басылманын маалыматына ылайык, ишемби күнү өлкө боюнча күйүүчү майдын орточо баасы галлону үчүн 3,68 долларга жетти. Баанын өсүшү дүйнөлүк рынокто мунайдын кескин кымбатташы менен байланыштуу. Акыркы эки жуманын ичинде дүйнөлүк

Трамптын администрациясы TikTok боюнча келишимден 10 миллиард доллар алат

Трамптын администрациясы TikTok боюнча келишимден 10 миллиард доллар алат

АКШ президентинин администрациясы Дональд Трамп TikTok тиркемесинин америкалык бөлүмүн инвесторлор тобуна өткөрүп берүү боюнча келишимде ортомчулук кылганы үчүн 10 млрд долларга чейин сый акы алышы мүмкүн экенин The Wall Street Journal басылмасы жазды. Басылманын маалыматына ылайык, TikTokтун америкалык бизнесине инвестиция салган тараптар популярдуу тиркеме АКШ рыногунда ишин улантышы үчүн АКШ

Ошто курулуп жаткан отуздай объектинин биринин да тийиштүү документи жок – Нурдан Орунтаев

Ошто курулуп жаткан отуздай объектинин биринин да тийиштүү документи жок – Нурдан Орунтаев

Курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев менен чогуу 14-мартта калаада көп кабаттуу үйлөрдү, түрдүү мамлекеттик имараттарды жана жол куруп жаткан ишкерлер менен жолугушту. Жолугушууда айрым ишкерлер курулушту өз акчасына салып жатышканын жана алардын цемент, кыш сыяктуу курулуш материалдарын чыгаруучу заводдордо миллиондогон