Быйыл дүйнө жүзү боюнча миллиардерлер саны 287 адамга көбөйдү

Быйыл дүйнө жүзү боюнча миллиардерлер саны 287 адамга көбөйдү

Быйыл дүйнөдө долларлык миллиардерлердин саны өткөн жылга салыштырмалуу 287 адамга көбөйгөнүн Швейцариянын UBS банкынын жаңы изилдөөсүнө таянып, Интерфакс жазды.

Буга чейин рекорд 2021-жылы катталып, 416 жаңы миллиардер пайда болгон. Быйыл дагы 91 адам 298 млрд доллар байлыгын мурастап, тарыхтагы жаңы рекордду жаратты. Ал эми, алдыдагы 15 жылда миллиардерлер өз мураскерлерине кеминде 5,9 трлн доллар калтырышы мүмкүн экендиги болжолдонууда.
Жалпысынан дүйнөдө 2 миң 919 миллиардер бар. Анын 2 миң 545и эркек жана 374ү аялдар. Алардын жалпы байлыгы бир жыл ичинде 13%га өсүп, 15,8 трлн долларга жеткен.

АКШ миллиардерлердин байлыгы боюнча алдыда турат. Алардын жалпы активдери 18%гаөсүп, 6,9 трлн долларды түздү. Өлкөдө миллиардерлердин саны дагы 89га көбөйүп, 924 адамга жетти. Жыл ичинде тизмеге 109 жаңы ат кирип, 18 адам чыгарылып салынган.

Миллиардерлердин байлыгы боюнча экинчи орунда Азия-Тынч океан аймагы турат - 4,2 трлн доллар, үчүнчү орунда Европа, Жакынкы Чыгыш жана Африка - 4,1 трлн доллар.

Өндүрүш тармагындагы миллиардерлер байлыгын 27,1%га көбөйтүп, 1,7 трлн долларга чыгарган. Бул суммадагы эң чоң үлүш дүйнөнүн эң бай адамы Илон Маскка таандык. Ошондой эле IT секторундагы миллиардерлердин активдери 3 трлн долларды, финансы секторунда – 2,3 трлн долларды, керектөө товарлары жана соода-сатык багытында – 3,1 трлн долларды түздү.

Мындан тышкары окуңуз

Эки айда айыл чарба продукциясы 29,8 млрд сомго жетти

Эки айда айыл чарба продукциясы 29,8 млрд сомго жетти

Быйыл январь-февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда экономикалык өсүштүн оң динамикасы сакталууда. Бул тууралуу экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматына ылайык, ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү 264,1 млрд сомду түзүп, өсүү темпи 108,8 % болду. Айыл чарба тармагында эки ай ичинде 29,8 млрд сомдук

"Дордой" базарынын дал ортосунан өткөн жаңы жол курулат

"Дордой" базарынын дал ортосунан өткөн жаңы жол курулат

Бишкектеги "Дордой" базарынын ички инфраструктурасын жакшыртуунун алкагында Ибраимов жана Элебесов көчөлөрүн туташтыруучу жаңы жолду, ошондой эле борбордук өтмөккө чейинки кошумча жолду салуу пландалып жатканын калаа мэри Айбек Жунушалиевдин "Дордой" ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду. Тараптар базардын ички инфраструктурасын өнүктүрүү жана көрктөндүрүү маселелерин

Адамдарды кайырчылыкка тарткандарга 20 миң сом айып пул салынат

Адамдарды кайырчылыкка тарткандарга 20 миң сом айып пул салынат

Жогорку Кеңештин сот-укуктук маселелер, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитети кайырчылыкка каршы мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Мыйзам долбооруна ылайык, Укук бузуулар кодексине кайырчылыкка байланыштуу жаңы нормаларды киргизүү сунушталууда. Ага ылайык: * жолдун жүрүүчү бөлүгүндө кайыр сурагандыгы үчүн, * же коомдук жайларда адамдарга жабышып, акча же жардам сурагандыгы үчүн жаза

Бишкектеги №195 каттамдын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөртүлдү

Бишкектеги №195 каттамдын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөртүлдү

Бишкек шаарында оптимизациялоо иштеринин алкагында, 2026-жылдын 18-мартынан тартып №195 каттамдын кыймыл-чиймеси убактылуу өзгөртүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Буга ылайык, аталган каттам мындан ары Бөкөнбаев көчөсү аркылуу эмес, Логвиненко көчөсү аркылуу өтөт. Урматтуу шаар тургундары жана коноктору, киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алып, сапарларыңызды алдын ала пландап алууну өтүнөбүз. Ошондой эле коомдук транспортту