Евробиримдик Кытайга олуттуу чектөөлөрдү киргизиши мүмкүн

Евробиримдик Кытайга олуттуу чектөөлөрдү киргизиши мүмкүн

Евробиримдик Кытай Европанын соода боюнча дооматтарына жооп бербесе жакын арада катуу чектөөлөрдү киргизиши мүмкүн экенин Франциянын президенти Эммануэль Макрон Echos басылмасына берген маегинде билдиргенин РБК медиахолдинги жазды.

“Мен аларга эгер алар жооп бербесе, анда биз – европалыктар, эң жакын арада катуу чараларды көрүүгө жана кызматташуудан чыгууга аргасыз болобуз… Мисалы, кытай продукциясына бажы төлөмдөрүн киргизүү”, – деди ал.

Буга улай Макрон анткени Пекин “европалык товарларды абдан аз импорттогондуктан” Кытайдын соода профицити туруксуз экенин айткан. Ал бул маселени Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен менен да талкуулаганын белгиледи.

Анын айтымында, Кытай Европанын салттуу станок куруу жана автоөндүрүүгө негизделген өнөр жай жана инновация рыногуна олуттуу сокку уруп жатат. Басылма белгилегендей, Кытай экспортунун өсүшүнүн жана КЭР өнөр жайынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн фонунда Евробиримдиктеги кырдаал критикалык абалга жеткен.

Ошондой эле Макрон АКШнын протекционисттик саясаты Европага кысымды күчөтүп, кытай экспортунун агымын европалык рынокторго бурду деп билдирди. Ал бул жагдайды европалык өнөр жай үчүн “өмүр же өлүм”маселеси деп мүнөздөдү.

“Биз адаптация рыногуна айланып калдык, бул эң жаман сценарий”, – деди Франция лидери. Өткөн жылы Франция менен Кытайдын ортосундагы соода дефицити 47 млрд евро болгон. КЭРдин маалыматы боюнча, 2025-жылдын биринчи жарымында Кытайдын ЕБ менен соодадагы профицити дээрлик 143 млрд долларга жетип, жарым жылдык үчүн рекорддук көрсөткүч болду.

Париж менен Пекиндин ортосундагы чыңалуу 2024-жылы ЕБ Кытай электромобилдерине бажы төлөмдөрүн киргизгенден кийин күчөгөн. Буга жооп катары Кытай француз коньяктарына минималдуу бааларды белгиледи, бул чочконун эти жана сүт өндүрүүчүлөрүндө ошондой эле чаралар колдонулушу мүмкүн деген тынчсыздануу жаратты.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель күйүүчү майы литри 74 сомдон жеңилдик менен сатылып жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүктөрдү өстүрүү, бакчачылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов "Биринчи радио" аркылуу билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик колдоонун алкагында арзандатылган дизелдин 7 млн литрди бөлүштүрүү каралган. Баа

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Бишкек шаарынын мэриясынын орун басары Азамат Кадыров 30-мартта Бишкек шаардык кенешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында мурда убактылуу ижарага берилген жер тилкелерин сатып алуу тартибин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Анын айтымында, документ жаңы Жер кодекси күчүнө киргени менен байланыштуу даярдалган. "Жер кодексине ылайык, жер тилкелерин сатып алуу боюнча нормалар буга

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү  курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарыда 580–600дей жер тилкеси көп кабаттуу турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн убактылуу ижарага берилгенин 30-мартта мэриянын орун басары муниципалдык мүлк, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул жерлердин болжол менен 40%ы пайдаланууга берилген, калган бөлүгү азыр

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районунда калктын социалдык жактан корголбогон катмарларына мал азыгы таратылганын райондук мамлекеттик администрация билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, жардам климаттын өзгөрүшүнө туруктуу азык-түлүк системаларын өнүктүрүү долбоорунун алкагында көрсөтүлдү. Районго 135 тонна арпа жеткирилген. Азыктар 864 үй-бүлөгө бөлүштүрүлдү — ар бирине 156 килограммдан берилди. Белгиленгендей, бул долбоор райондо быйыл экинчи жолу ишке ашырылып