Тигүүчүлөр жана чакан бизнес үчүн салыктык жана камсыздандыруу жеңилдиктери каралууда

Тигүүчүлөр жана чакан бизнес үчүн салыктык жана камсыздандыруу жеңилдиктери каралууда

Кыргызстанда тигүү ишканаларынын бардык категориялары үчүн бирдиктүү шарттарды түзө турган мыйзам долбоору даярдалып жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Ала-Тоо LIVE программасына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жаңы эрежелер тигүүчүлөрдүн бардык категориялары үчүн бирдей шарттарды түзөт. Камсыздандыруу төгүмдөрү орточо айлык акынынын 40%ынан 12% өлчөмүндө эсептелип, орточо 2 200 сомдун тегерегин түзмөкчү. Мындан тышкары, белгилүү бир мөөнөткө киреше салыгынан бошотуу да киргизилиши мүмкүн.

«Бул тигүүчүлөрдү оор мезгилде колдоого алып, бизнесин мыйзамдаштырууга түрткү берет», — деди төраганын орун басары Кубанычбек Ысабеков.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тигүү тармагынын жана чакан жана орто ишкердиктин субъекттерин колдоого багытталган “Экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койгон.

Ага ылайык, КРнын Министрлер Кабинетине пенсия системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана сектордун социалдык-экономикалык туруктуулугун бекемдөө максатында тигүү тармагынын субъекттери үчүн киреше салыгынын ставкаларын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин төмөндөтүүнү кароо сунушталган.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районуна барып, аймакты өнүктүрүү боюнча пландар менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Араван районунун акими Данияр Эркимбаев мамлекет башчысына акыркы жылдары аткарылган иштер жана келечектеги долбоорлор тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 2021–2025-жылдары жол тармагына 954

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкек шаарынын ИИББгы дем алыш күндөрү жарандардын коомдук тартибин жана коопсуздугун камсыздоо күчөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнан кабарлашты. билдирүүгө караганда, өзгөчө көңүл укук бузуулардын алдын алууга, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтарууга, ошондой эле кыраакылыкты жогорулатууга бурулмакчы. Ага ылайык, сейил бактарда жана адамдар көп чогулган жайларда кызмат өтөөгө өзгөчө көңүл

Улуттук банк менен ИИМ алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча жолугушуу өткөрдү

Улуттук банк менен ИИМ алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча жолугушуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен биргеликте 10-апрелде финансылык алдамчылыкка каршы күрөшүү маселелери боюнча блогерлер жана ЖМК өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө мобилдик байланыш жана интернет аркылуу жасалган алдамчылык схемалары тууралуу кеңири маалымат берилди. Айрыкча “дропперлик” — жарандардын банктык карталарын жана жеке маалыматтарын үчүнчү жактарга берүү

Ошто экс-мэр М.Мырзакматовдун мыйзамсыз жерлери тууралуу маселе коюлду

Ошто экс-мэр М.Мырзакматовдун мыйзамсыз жерлери тууралуу маселе коюлду

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов мыйзамсыз алган делген жерлерге байланыштуу иш учурда Ош шаардык сотунда каралууда. Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасынын жарандык иштер боюнча орун басары Шералы Камчыбеков 10-апрелде Ош шаарында президент Садыр Жапаровдун эл менен жолугушуусунда билдирди. Мунун алдында Шаардык кеңештин депутаты Бекболот Арзибаев мамлекет башчы менен жолугушууда