Жездин бир тоннасы дүйнөлүк рынокто 11 771 долларга чыкты

Жездин бир тоннасы дүйнөлүк рынокто 11 771 долларга чыкты

Кечээ дүйнөлүк рынокто жездин баасы тарыхый эң жогорку деңгээлге чыкканын Интерфакс жарыялады.  

Маалыматта жездин кымбатташына дүйнө жүзү боюнча жез тартыштыгы тууралуу тынчсыздануулардын күчөшү себеп болгону айтылат. Күн мурун Лондон металл биржасында (LME) үч айлык фьючерстердин баасы 0,3%га өсүп, бир тоннасы 11 653 долларды түзгөн. Ал эми соода учурунда баа эң жогорку чекке - 11 771 долларга чейин жетти. 

ANZ Research аналитиктеринин айтымында, жеткирүүлөрдүн тартыштыгы рынокто шашылыш сатып алууларды күчөткөн. Жыл ичинде ири кендерде жаралган көйгөйлөр жездин жеткирилишине терс таасирин тийгизди. Жезди көп көлөмдө топтоп, сатып алып койгондор да көбөйдү. Мындай кадамдарга АКШда импортко бажы төлөмдөрү киргизилиши мүмкүн деген кооптонуулар да себеп болгон. 

Ошондой эле Кытай бийлигинин экономиканы колдоо боюнча жаңы чаралары жана акча-насыя саясатын улантуу убадасы да баанын көтөрүлүшүн шарттаган.

Мындан тышкары окуңуз

"Кыргызкөмүр" ААКы былтыр көмүр өндүрүшүн 1 млн 385 миң тоннага жеткирди

"Кыргызкөмүр" ААКы былтыр көмүр өндүрүшүн 1 млн 385 миң тоннага жеткирди

Кыргызстандагы көмүр өндүрүшүнүн жалпы көлөмүнүн болжол менен 30%ын камсыз кылган "Кыргызкөмүр" мекемеси 2025-жылы 1 млн 385 миң тонна көмүр өндүргөнүн мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Бул көрсөткүч 2021-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп. Ошондой эле кыртыш ачуу иштеринин көлөмү 9 млн 700 миң куб метрди түзүп, пландан

"Кепилдик фонд" ишкерлерге 18 млрд сомдон ашуун кепилдик берди

"Кепилдик фонд" ишкерлерге 18 млрд сомдон ашуун кепилдик берди

"Кепилдик фонд" ААКсы өлкөнүн ишкерлерин колдоо багытында иштеп баштагандан бери берилген кепилдиктер боюнча каражаттардын кайтарымдуулугунун жогорку деңгээлин сактап келет. Бул тууралуу "Кепилдик фонддон" билдиришти. Фонддун тогуз жылдык ишмердүүлүгүндө бул көрсөткүч 97,6%дан 100%га чейин өзгөрүп келген. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча кайтарымдуулук 98,22%ды түздү.

Банк менен пикир келишпестик жаралса – аны чечүүнүн жолдору бар: Улуттук банктын керектөөчүлөргө кеңештери

Банк менен пикир келишпестик жаралса – аны чечүүнүн жолдору бар: Улуттук банктын керектөөчүлөргө кеңештери

Кардар менен банк ортосунда пикир келишпестик жаралганда көпчүлүк жарандар кайда кайрылуу керектигин жана өз укуктарын кантип коргоону так биле беришпейт. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы арыз-даттанууларды кароо тартиби кандай иштей турганын жана кандай учурларда жөнгө салуучу орган банк менен кардардын ортосундагы талашка кийлигише аларын түшүндүрүп берди.  Биринчи кадам – түздөн-түз

Аламүдүндө мыйзамсыз курулуп жаткан бетон заводу аныкталды

Аламүдүндө мыйзамсыз курулуп жаткан бетон заводу аныкталды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй регионалдык башкармалыгы Аламүдүн районундагы курулуш объектилеринде пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Текшерүүгө Байтик Баатыр айыл аймагынын №312, 314, 324 жана 326 контурларында бетон заводу курулуп жатканы тууралуу түшкөн маалымат негиз болгон. Текшерүүнүн жүрүшүндө бетон