А.Жээналиев: "Климаттын өзгөрүшү суу экосистемасына олуттуу коркунуч жаратып жатат"

А.Жээналиев: "Климаттын өзгөрүшү суу экосистемасына олуттуу коркунуч жаратып жатат"

Климаттын өзгөрүшү суу экосистемаларына олуттуу коркунуч жаратып жатканын Эл аралык тоо күнүнө арналган конференцияда суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Алмаз Жээналиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдө болжол менен 500 миллиард куб метр сууну камтыган 10 миңге жакын мөңгү бар. Бул мөңгүлөр ичүүчү сууну топтоодо жана аны бөлүштүрүүдө негизги ролду ойнойт.

"Мөңгүлөрдүн эриши жана дарыя сууларынын топтолушу көп жылдык агымды түзүп, анын көлөмү болжол менен 50 миллиард куб метрди түзөт. Дал ушул агым калкты, экономиканы, айыл чарбасын, энергетиканы жана өнөр жайды суу менен камсыз кылган негизги булак болуп саналат. Бирок, чарбага деген суунун көлөмү чектелүү болуп, бул экономиканын бардык тармактарына таасирин тийгизип жатат”,-деди ал.

“Бүгүн биз климаттын тездик менен өзгөрүшү жана суу экосистемаларына болгон басымдын күчөшү сыяктуу олуттуу чакырыктарга туш болуп жатабыз. Маалыматтарга ылайык, суунун 95%ы айыл чарбасына, 3,5%ы ичүүчү сууга, 1,5%ы өнөр жайга багытталат. Калктын 60%дан ашыгы айыл жергесинде жашагандыктан, суу миллиондогон адамдар үчүн жашоонун жана туруктуулуктун негизи болуп саналат”,-деп кошумчалады ал.

Мындан тышкары окуңуз

Чүй облусунда тамчылатып сугаруу системасын орнотууга 12 млн сом бөлүнөт

Чүй облусунда тамчылатып сугаруу системасын орнотууга 12 млн сом бөлүнөт

Москва районундагы суу чарба башкармалыгы 30 гектар аянттагы жүгөрүнү сугаруу үчүн тамчылатып сугаруу системасын сатып алуу жана орнотуу боюнча тендер жарыялады. Тендердин жалпы суммасы 12 млн 105 миң сомду түзөт. Жумуштар 2026-жылдын май айынын аягына чейин бүтүрүлүшү керек. Жабдуучулардын сунуштары 24-апрелге чейин кабыл алынат. Буга чейин Суу ресурстары, айыл чарба

Талас облусунда элиталык сырлар чыгарыла баштайт

Талас облусунда элиталык сырлар чыгарыла баштайт

Талас облусунда элиталык сыр түрлөрү өндүрүлө баштарын Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду билдирди. Маалыматка ылайык, фонд жана Талас облусундагы алдыңкы сүт өндүрүүчүлөрдүн бири — "Эмилия" ЖЧКсы өндүрүш кубаттуулуктарын кеңейтүү боюнча долбоорду каржылоо келишимине кол коюшту. Жалпы инвестиция көлөмү 1,2 млн долларды түзөт. Талас облусунда биринчи жолу крем-чиз, фета жана маскарпоне

Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди

Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди

Президент Садыр Жапаров 10-апрелде Ош шаарынын жашоочулары менен жолугушууда калаанын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаевдин аша чапкан иштери болгонун билдирди.  Жапаров шаардагы имараттарды түрттүрүүдө кемчиликтер болгонун, мурдагы мэр бул жараянды баштардан мурун кенемте маселесин чечиши зарыл болгонун белгиледи.  Токторбаевдин бир катар жакшы иштери болгонун айткан мамлекет башчы бирок “снос өнөктүгүнө” байланыштуу

Ош облусунда 167 дарыгер жетишпейт

Ош облусунда 167 дарыгер жетишпейт

Азыркы учурда Ош облусу 125 дарыгерге, Ош шаары 43 дарыгерге муктаж экенин Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди. Дарыгерлердин муктаждыгын азайтуу жана саламаттык сактоо кызматкерлерин кармап калуу багытында дарыгерлердин эмгек акыларын көтөрүү, “Дарыгер депозити” программасын активдештирүү, дарыгерлер менен мугалимдердин кадыр-баркын сактоо максатында “бейбаштык” боюнча жазаларды күчөтүү сыяктуу