Банк жана финансы уюмдары үчүн жашыл каржылоо боюнча тренинг өттү

Банк жана финансы уюмдары үчүн жашыл каржылоо боюнча тренинг өттү

Бишкекте банк жана финансы уюмдары үчүн жашыл жана туруктуу каржылоону илгерилетүү, ESG-критейрилерин (экологиялык, социалдык жана башкаруу) өнүктүрүү жана банктарды жашыл каржы продуктылары менен иштөөгө даярдоого багытталган тренинг болуп өттү.

Бул иш-чараны КРнын Экономика жана коммерция министрлиги Глобалдык жашыл өсүү институту (GGGI) жана Германиянын Эл аралык кызматташтык коому (GIZ) менен биргеликте өткөрдү. Бул тууралуу Экономика министрлигинен кабарлашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө министрлик өлкөнүн жашыл экономикага өтүү боюнча стратегиялык көз карашын жана негизги жетишкендиктерин сунуштады. Анда: Жашыл экономиканы өнүктүрүүнүн жаңы программасынын кабыл алынышы, пилоттук Жашыл таксономиянын ишке киргизилиши жана Жашыл каржылоо фондунун түзүлүшү талкууланды.
Ошондой эле иш чаранын катышуучуларына анализдин жыйынтыктары, туруктуу каржылоонун негиздери, ESG-процесстерин интеграциялоо ыкмалары жана экологиялык жана социалдык мааниге ээ каржы продуктыларын иштеп чыгуу боюнча практикалык сунуштар көрсөтүлдү. GGGI, PwC жана S&P эксперттери эл аралык тажрыйба жана туруктуулукту баалоо инструменттери менен бөлүштү.

Бул долбоор Кыргызстандын каржы системасын чыңдоого, өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга жана жашыл экономикага өтүү процессин тездетүүгө чоң салым кошот. Ал банктарга жаңы рынок талаптарына даярданууга, ал эми мамлекетке экологиялык маанилүү долбоорлорду колдоо механизмдерин натыйжалуу түзүүгө жардам берет.

Мындан тышкары окуңуз

Чүй облусу менен Бишкектеги  эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Чүй облусу менен Бишкектеги эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Экономика жана коммерция министрлигинин биринчи орун басары Чоро Сейитов Бишкек шаарында жана Чүй облусунда ишке ашырылып жаткан негизги инвестициялык долбоорлор тууралуу айтып берди. Анын айтымында, жаңы өндүрүштөрдүн ачылышы өлкөдө миңдеген жумуш орундарын түзүп, миллиарддаган инвестицияларды тартат. Эң ири долбоорлордун бири — Resto компаниясы тарабынан электр энергиясын өндүрүүчү объекттерди куруу. Бул секторго

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

Коррупция коом жана мамлекет үчүн олуттуу коркунучтардын бири бойдон калууда. Ал жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин төмөндөтүп, адилеттүүлүк принцибин бузат жана өлкөнүн өнүгүүсүнө олуттуу зыян келтирет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык коррупциялык аракеттер үчүн катуу жоопкерчилик каралган. Тактап айтканда: * 336-берене (Коррупция)

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүз районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышын текшерүү учурунда мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айыл өкмөтүндө жалпы аянты 0,20 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзам бузуу менен жеке менчикке өтүп кеткендигибелгилүү болгон. Ошондой эле аталган жер тилкесине мыйзамсыз

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта саат 09:00дөн 16:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Ч. Айтматов пр., 93/1; 93/2; 93/3; 93/4; 93/5;