"Чайна Петроль Компани "Джундада" 800дөн ашык жергиликтүү тургун иштейт
"Чайна Петроль Компани "Джунда" бүгүн Кыргызстандагы эң ири өнөр жай ишканалардын бири болуп, аймактагы негизги иш берүүчүлөрдүн бири болуп турат.
Заводдо 1 миңден ашуун кызматкер эмгектенет, алардын 800дөн көбү Кара-Балтанын жана анын айланасындагы райондордун тургундары.
Компания туруктуу жумуш орундарын гана түзбөстөн, өз кызматкерлеринин кесиптик өсүшүнө да активдүү инвестиция салат. Иштегендер үзгүлтүксүз окутуудан өтүп, өндүрүш жана кайра иштетүү тармагында квалификациясын жогорулатышат, сыйлык түрүндөгү төлөмдөргө жана карьералык өсүүгө кошумча мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат.
Системалуу башкаруу, заманбап технологиялар жана социалдык багыттагы саясаттын аркасында "Джунда" Кыргызстандагы алдыңкы чет элдик компаниялардын бири катары таанылып, өлкө экономикасынын өнүгүшүнө жана жергиликтүү элдин жыргалчылыгына олуттуу салым кошуп келет.