КР менен KfW ортосундагы кызматташуунун келечеги талкууланды

КР менен KfW ортосундагы кызматташуунун келечеги талкууланды

9-декабрда, Франкфурт-на-Майн шаарында иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министри А.Бакетаев KfW аткаруучу кеңештин мүчөсү, Кристиана Лайбах менен жолугушту.

Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, тараптар КРсы менен KfW ортосундагы кызматташуунун келечегин, анын ичинде артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана заманбап технологияларды тартуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.           

Анын жүрушундө министр КРсы кызматташууга ачыктыгын жана KfW менен жашыл энергетика, инфраструктура, туризм, айыл чарба жана адам капиталын өнүктүрүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даярыгын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өлкөнүн экономикасына инвестициялык долбоорлорду каржылоону терең изилдөө жана эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгында көтөрүлгөн маселелерди мындан ары иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүү боюнча макулдашышты.  

Мындан сырткары А. Бакетаев Германиянын алдыңкы каржы институттарынын өкүлдөрү, анын ичинде АКА Банктын жетекчилиги менен жолугушуп, энергетика, транспорт жана туризм тармактарында ишке ашырылуучу ири долбоорлорду немис тарабына тааныштырды.  

Мындан тышкары окуңуз

Чүй облусунда тамчылатып сугаруу системасын орнотууга 12 млн сом бөлүнөт

Чүй облусунда тамчылатып сугаруу системасын орнотууга 12 млн сом бөлүнөт

Москва районундагы суу чарба башкармалыгы 30 гектар аянттагы жүгөрүнү сугаруу үчүн тамчылатып сугаруу системасын сатып алуу жана орнотуу боюнча тендер жарыялады. Тендердин жалпы суммасы 12 млн 105 миң сомду түзөт. Жумуштар 2026-жылдын май айынын аягына чейин бүтүрүлүшү керек. Жабдуучулардын сунуштары 24-апрелге чейин кабыл алынат. Буга чейин Суу ресурстары, айыл чарба

Талас облусунда элиталык сырлар чыгарыла баштайт

Талас облусунда элиталык сырлар чыгарыла баштайт

Талас облусунда элиталык сыр түрлөрү өндүрүлө баштарын Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду билдирди. Маалыматка ылайык, фонд жана Талас облусундагы алдыңкы сүт өндүрүүчүлөрдүн бири — "Эмилия" ЖЧКсы өндүрүш кубаттуулуктарын кеңейтүү боюнча долбоорду каржылоо келишимине кол коюшту. Жалпы инвестиция көлөмү 1,2 млн долларды түзөт. Талас облусунда биринчи жолу крем-чиз, фета жана маскарпоне

Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди

Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди

Президент Садыр Жапаров 10-апрелде Ош шаарынын жашоочулары менен жолугушууда калаанын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаевдин аша чапкан иштери болгонун билдирди.  Жапаров шаардагы имараттарды түрттүрүүдө кемчиликтер болгонун, мурдагы мэр бул жараянды баштардан мурун кенемте маселесин чечиши зарыл болгонун белгиледи.  Токторбаевдин бир катар жакшы иштери болгонун айткан мамлекет башчы бирок “снос өнөктүгүнө” байланыштуу

Ош облусунда 167 дарыгер жетишпейт

Ош облусунда 167 дарыгер жетишпейт

Азыркы учурда Ош облусу 125 дарыгерге, Ош шаары 43 дарыгерге муктаж экенин Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди. Дарыгерлердин муктаждыгын азайтуу жана саламаттык сактоо кызматкерлерин кармап калуу багытында дарыгерлердин эмгек акыларын көтөрүү, “Дарыгер депозити” программасын активдештирүү, дарыгерлер менен мугалимдердин кадыр-баркын сактоо максатында “бейбаштык” боюнча жазаларды күчөтүү сыяктуу