"Кристалл" заводунун айланасындагы уулу заттарды жоюуга МинКаб 92 млн сом бөлөт

"Кристалл" заводунун айланасындагы уулу заттарды жоюуга МинКаб 92 млн сом бөлөт

Таш-Көмүрдөгү "Кристалл" аянтчасынан уулуу химиялык заттарды чыгаруу жана утилдештирүүгө МинКаб 92 млн сомго жакын каражат бөлө турган болду.

МинКабдын 2025-жылдын 8-декабрындагы №1073-т токтомуна ылайык, Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында жайгашкан "Кристалл" ишканасынын аймагынан уулуу химиялык заттарды чыгарып, утилдештирүүнүн биринчи этабына 91,9 млн сом каражат багытталат.

Документке ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги "Кристалл" ААКнын аймагында сакталган коркунучтуу химиялык заттарды чыгаруу, өлкө аймагы аркылуу жана анын сыртында ташуу, зыянсыздандыруу жана утилдештирүү боюнча авариялык, биринчи кезектеги иш-чараларды аткарат.

Иштер эки этаптан турат:
– биринчи этап — 2026-жылдын 31-декабрына чейин;
– экинчи этап — 2027-жылдын 31-декабрына чейин.

Каржы министрлигине биринчи этап үчүн зарыл болгон 91,9 млн сомду өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсептен бөлүү тапшырылды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги ӨКМге бардык жактан жардам көрсөтүүгө милдеттендирилди, ошондой эле 2026-жылы экинчи этапты каржылоо үчүн өзүнүн атайын эсебинен каражат карашы керек.

Мындан тышкары окуңуз

Кытайдан Кыргызстанга унаа экспорттоо 2025-жылдын эки айына салыштырмалуу 48,4%га өстү

Кытайдан Кыргызстанга унаа экспорттоо 2025-жылдын эки айына салыштырмалуу 48,4%га өстү

Кытайдан автоунаа экспорту 2026-жылдын башынан бери 1,5 эсеге өскөнүн Кытай автоөндүрүүчүлөр ассоциациясы билдирди. Маалыматка ылайык, быйылкы жылдын алгачкы эки айында Кытайдан экспорттолгон автоунаалардын саны 1,35 млн даанадан ашып, 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 48,4%га көбөйгөн. Расмий маалыматтарга ылайык, жаңы энергия булактарында иштеген автоунаалардын (NEV) экспорту 110%

Кыргызстанда 2030-жылы электр энергиясын керектөө 21,6 млрд кВт/саат болот

Кыргызстанда 2030-жылы электр энергиясын керектөө 21,6 млрд кВт/саат болот

Кыргызстанда электр энергиясына болгон суроо-талап 2030-жылга карата 21,6 млрд киловатт-саатка чейин өсөрүн Евразия өнүктүрүү банкынын тармактык талдоо борборунун улук аналитиги Демир Кабылбаев 19-мартта энергетикалык өтүү боюнча баяндама презентациясында билдирди. Маалыматка ылайык, 2024-жылы фактикалык керектөө 18,3 млрд кВт·с түзгөн (2025-жылдын жыйынтыгы боюнча — 19,3 млрд кВт·с). Диаграммага

Жалал-Абадда мыйзамсыз курулган соода борборунун иши токтотулду

Жалал-Абадда мыйзамсыз курулган соода борборунун иши токтотулду

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгы тарабынан пландан тышкары текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө Манас шаарындагы курулуш объектилеринин сапаты, мыйзамдуулугу жана курулуш талаптарынын сакталышы каралды. Натыйжада Б.Аттокуров көчөсүндө жайгашкан үч кабаттуу соода борбору уруксат берүүчү документтерсиз мыйзамсыз

Сузактагы паркка 90 млн сомдун каралышы суроолорду жаратты

Сузактагы паркка 90 млн сомдун каралышы суроолорду жаратты

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги Сузак районундагы Октябрь айылындагы Тукубай Тайгараев атындагы паркты реконструкциялоо иштерин көзөмөлгө алды. Министрликтин башчысы Нурдан Орунтаев билдиргендей, бул объект башында эле баасы жогору коюлган долбоорлордун тизмесине киргизилген. Анын айтымында, парк үчүн жабдууларды сатып алууда бааларды жогорулатуу фактылары аныкталган, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан иштердин