"Кыргыз Көмүр": Ташуу, жүктөөдө бир аз майдалангандыктан кээде майда көмүр болуп калып жатат"

"Кыргыз Көмүр": Ташуу, жүктөөдө бир аз майдалангандыктан кээде майда көмүр болуп калып жатат"

"Кыргыз Көмүр ишканасынын директорунун орну басары Рустамбек Садыралиев радио эфири аркылуу кыш мезгилинде көмүрдүн сапатына байланыштуу суроолорго жооп берди.

Анын айтымында, Кыргызстанда көмүр сатыкка чыгар алдында лабораториялык текшерүүдөн өтүп, мамлекеттик сертификаттарды алат.

"Эгер көмүр сапатсыз, тапсыз болсо же экологияга зыяндуу болсо, албетте, мамлекет же тиешелүү мамлекеттик органдар аны сатууга уруксат бербейт", — дейт ал. Буга ула ал Кара-Кече кенинин көмүрү  бардык мамлекеттик стандарттарга жооп берерин жана сатууга уруксаты бар экенин кошумчалады.

"Бул жагынан эч кандай зыян жок. Аны толук түрдө үй шартында да, коммерциялык максатта да колдонсо болот", — деди компания өкүлү.

Ал кээде кардарларга майда фракциядагы көмүр келип жатканынын себебин,  көмүрдүн табигый жайгашуусу, ошондой эле жүктөө жана ташуу процесстеринде көмүрдүн упуранышы менен түшүндүрдү.

"Биз ар бир кардарга жакшы, сапаттуу көмүр жетүүсүн каалайбыз. Бирок майда көмүр да — көмүр. Ташууда ал бир аз майдаланат. Ошондуктан ташылып келген көмүрдүнг арасында анча-мынча майда көмүр болуп калып жатат, — дейт ал.

Мындан тышкары окуңуз

Чүй облусунда тамчылатып сугаруу системасын орнотууга 12 млн сом бөлүнөт

Чүй облусунда тамчылатып сугаруу системасын орнотууга 12 млн сом бөлүнөт

Москва районундагы суу чарба башкармалыгы 30 гектар аянттагы жүгөрүнү сугаруу үчүн тамчылатып сугаруу системасын сатып алуу жана орнотуу боюнча тендер жарыялады. Тендердин жалпы суммасы 12 млн 105 миң сомду түзөт. Жумуштар 2026-жылдын май айынын аягына чейин бүтүрүлүшү керек. Жабдуучулардын сунуштары 24-апрелге чейин кабыл алынат. Буга чейин Суу ресурстары, айыл чарба

Талас облусунда элиталык сырлар чыгарыла баштайт

Талас облусунда элиталык сырлар чыгарыла баштайт

Талас облусунда элиталык сыр түрлөрү өндүрүлө баштарын Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду билдирди. Маалыматка ылайык, фонд жана Талас облусундагы алдыңкы сүт өндүрүүчүлөрдүн бири — "Эмилия" ЖЧКсы өндүрүш кубаттуулуктарын кеңейтүү боюнча долбоорду каржылоо келишимине кол коюшту. Жалпы инвестиция көлөмү 1,2 млн долларды түзөт. Талас облусунда биринчи жолу крем-чиз, фета жана маскарпоне

Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди

Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди

Президент Садыр Жапаров 10-апрелде Ош шаарынын жашоочулары менен жолугушууда калаанын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаевдин аша чапкан иштери болгонун билдирди.  Жапаров шаардагы имараттарды түрттүрүүдө кемчиликтер болгонун, мурдагы мэр бул жараянды баштардан мурун кенемте маселесин чечиши зарыл болгонун белгиледи.  Токторбаевдин бир катар жакшы иштери болгонун айткан мамлекет башчы бирок “снос өнөктүгүнө” байланыштуу

Ош облусунда 167 дарыгер жетишпейт

Ош облусунда 167 дарыгер жетишпейт

Азыркы учурда Ош облусу 125 дарыгерге, Ош шаары 43 дарыгерге муктаж экенин Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди. Дарыгерлердин муктаждыгын азайтуу жана саламаттык сактоо кызматкерлерин кармап калуу багытында дарыгерлердин эмгек акыларын көтөрүү, “Дарыгер депозити” программасын активдештирүү, дарыгерлер менен мугалимдердин кадыр-баркын сактоо максатында “бейбаштык” боюнча жазаларды күчөтүү сыяктуу