“Кыргызкөмүр” быйыл 1 млн 209 миң тонна көмүр өндүрдү

“Кыргызкөмүр” быйыл 1 млн 209 миң тонна көмүр өндүрдү

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы жергиликтүү кеңештер менен биргеликте жалпы 138 социалдык көмүр кампа ачканын “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Рустамбек Садыралиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

"Бишкектеги социалдык кампаларда Кара-Кече көмүрүнүн бир тоннасы 5 миң 800 сом. Ал эми ар бир облуста, аймакта өзүнчө баалар коюлган. Быйыл, 2025-жылдын башынан бери “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы 1 млн 209 миң тонна көмүр өндүрдүк. Азыр ушул көмүрдү өзүбүздүн кардарларга берип жатабыз",-дейт ал.

"2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык жөнүндө өкмөттүн токтому май айында кабыл алынган. Ал жерде “Кыргызкөмүр” ишканасынан тышкары Министрлер Кабинети, мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик, “Кыргыз темир жолу”, ЖЭБ жана башка ишканаларга тиешелүү пландар иштелип чыгып, ар бирине өзүнүн тапшырмалары дайындалган. Бардыгы биригип кышка даярдык иштерин жүргүзүп келишти”, - деди Садыралиев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 48-50 ар кандай көмүр казган ишканалар болсо, алардын бири “Кыргызкөмүр” ААКсы.

Кара-Кече кенинен казып алынган көмүр Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустары жана Бишкек шаары, андан тышкары Токтогул, Суусамырдан Таласка чейин тарайт.

Мындан тышкары окуңуз

Чүй облусу менен Бишкектеги  эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Чүй облусу менен Бишкектеги эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Экономика жана коммерция министрлигинин биринчи орун басары Чоро Сейитов Бишкек шаарында жана Чүй облусунда ишке ашырылып жаткан негизги инвестициялык долбоорлор тууралуу айтып берди. Анын айтымында, жаңы өндүрүштөрдүн ачылышы өлкөдө миңдеген жумуш орундарын түзүп, миллиарддаган инвестицияларды тартат. Эң ири долбоорлордун бири — Resto компаниясы тарабынан электр энергиясын өндүрүүчү объекттерди куруу. Бул секторго

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

Коррупция коом жана мамлекет үчүн олуттуу коркунучтардын бири бойдон калууда. Ал жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин төмөндөтүп, адилеттүүлүк принцибин бузат жана өлкөнүн өнүгүүсүнө олуттуу зыян келтирет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык коррупциялык аракеттер үчүн катуу жоопкерчилик каралган. Тактап айтканда: * 336-берене (Коррупция)

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүз районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышын текшерүү учурунда мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айыл өкмөтүндө жалпы аянты 0,20 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзам бузуу менен жеке менчикке өтүп кеткендигибелгилүү болгон. Ошондой эле аталган жер тилкесине мыйзамсыз

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта саат 09:00дөн 16:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Ч. Айтматов пр., 93/1; 93/2; 93/3; 93/4; 93/5;