Нарын облусунда 5 жылда 33 кайра иштетүүчү ишкана ачылат

Нарын облусунда 5 жылда 33 кайра иштетүүчү ишкана ачылат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги өлкө боюнча 385 кайра иштетүүчү ишкананы куруу ишин улантып жатат. 2030-жылга чейин айыл чарба продукциясын кайра иштетүү деңгээлин 25%га жеткирүүгө мүмкүндүк берет.

Жалал-Абад облусундагы өсүмдүк жана мал чарбасы потенциалын анализдеп, эки соода-логистика борбору  жана үч кайра иштетүүчү ишкана ачуу пландалууда. Ишканалар региондун климаттык жана географиялык өзгөчөлүктөрүн эске алып иштеп, айыл чарба продукциясын сактоону камсыздайт, жоготууларды азайтып, кайра иштетүүнү көбөйтөт.

Ишканалар төмөнкү багыттарды камтыйт: буудай, жашылча-жемиш, сүт, эт, жүн, ошондой эле май жана мал азыгын өндүрүү.

Облустун райондору боюнча пландар:

  • Ат-Башы — 10 кайра иштетүүчү ишкана;
  • Нарын — 1 соода-логистикалык борбор, 6 кайра иштетүүчү ишкана;
  • Ак-Талаа — 3 кайра иштетүүчү ишкана;
  • Жумгал — 5 кайра иштетүүчү ишкана;
  • Кочкор — 1 соода-логистикалык борбор, 7 кайра иштетүүчү ишкана.

Мындан тышкары окуңуз

Чүй облусунда тамчылатып сугаруу системасын орнотууга 12 млн сом бөлүнөт

Чүй облусунда тамчылатып сугаруу системасын орнотууга 12 млн сом бөлүнөт

Москва районундагы суу чарба башкармалыгы 30 гектар аянттагы жүгөрүнү сугаруу үчүн тамчылатып сугаруу системасын сатып алуу жана орнотуу боюнча тендер жарыялады. Тендердин жалпы суммасы 12 млн 105 миң сомду түзөт. Жумуштар 2026-жылдын май айынын аягына чейин бүтүрүлүшү керек. Жабдуучулардын сунуштары 24-апрелге чейин кабыл алынат. Буга чейин Суу ресурстары, айыл чарба

Талас облусунда элиталык сырлар чыгарыла баштайт

Талас облусунда элиталык сырлар чыгарыла баштайт

Талас облусунда элиталык сыр түрлөрү өндүрүлө баштарын Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду билдирди. Маалыматка ылайык, фонд жана Талас облусундагы алдыңкы сүт өндүрүүчүлөрдүн бири — "Эмилия" ЖЧКсы өндүрүш кубаттуулуктарын кеңейтүү боюнча долбоорду каржылоо келишимине кол коюшту. Жалпы инвестиция көлөмү 1,2 млн долларды түзөт. Талас облусунда биринчи жолу крем-чиз, фета жана маскарпоне

Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди

Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди

Президент Садыр Жапаров 10-апрелде Ош шаарынын жашоочулары менен жолугушууда калаанын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаевдин аша чапкан иштери болгонун билдирди.  Жапаров шаардагы имараттарды түрттүрүүдө кемчиликтер болгонун, мурдагы мэр бул жараянды баштардан мурун кенемте маселесин чечиши зарыл болгонун белгиледи.  Токторбаевдин бир катар жакшы иштери болгонун айткан мамлекет башчы бирок “снос өнөктүгүнө” байланыштуу

Ош облусунда 167 дарыгер жетишпейт

Ош облусунда 167 дарыгер жетишпейт

Азыркы учурда Ош облусу 125 дарыгерге, Ош шаары 43 дарыгерге муктаж экенин Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди. Дарыгерлердин муктаждыгын азайтуу жана саламаттык сактоо кызматкерлерин кармап калуу багытында дарыгерлердин эмгек акыларын көтөрүү, “Дарыгер депозити” программасын активдештирүү, дарыгерлер менен мугалимдердин кадыр-баркын сактоо максатында “бейбаштык” боюнча жазаларды күчөтүү сыяктуу