Россия Кыргызстандан товарларды кабыл алууда жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиптин мөөнөтүн узартты

Россия Кыргызстандан товарларды кабыл алууда жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиптин мөөнөтүн узартты

Россиянын президенти Владимир Путин Казакстан жана Кыргызстан аркылуу автоунаа транспорту менен ташылган товарларды жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте кабыл алуу мөөнөтүн 25-декабрга чейин узарткан жарлыкка кол койду.

Расмий укуктук актылар жарыяланган сайтка жайгаштырылган документте 2025-жылдын 24-октябрындагы №778 жарлыкка өзгөртүү киргизилгендиги, анда мурда 10-декабрь деп көрсөтүлгөн дата жаңыртылганы белгиленет.

Өзгөртүүлөр президент кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет жана Россия–Казакстан чек арасындагы жеңилдетилген бажы процедураларынын улантылышын камсыздоого тийиш.

Эске салсак, ЕАЭБ товарларды маркировкалоо боюнча пилоттук долбоорду сынап көргөн. Бул система мүчө мамлекеттерге продукциянын кыймылын, анын келип чыгышын жана өзгөчөлүктөрүн кошумча процедураларсыз көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Сентябрь айынын аягында Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин система биримдик аймагында толук масштабдуу ишке кирүүгө даяр экенин билдирген. Бул чечим Минскидеги өкмөт башчыларынын жыйынында бекитилген.

Мындан тышкары окуңуз

Сауд Аравиясында кирешеси айына 13,3 миң доллардан жогору чет өлкөлүк ичимдик сатып алса болот

Сауд Аравиясында кирешеси айына 13,3 миң доллардан жогору чет өлкөлүк ичимдик сатып алса болот

Сауд Аравиясы алкоголдук ичимдиктердин жүгүртүлүшүнө байланышкан катуу эрежелерин жумшартуу боюнча дагы бир кадам жасады. Bloomberg агенттиги маалымдагандай, өлкө бийлиги расмий айлык кирешеси айына 50 миң сауд риалынан (болжол менен 13,3 миң доллар) жогору болгон, мусулман эмес чет өлкөлүктөргө ичимдик сатып алууга уруксат берди. Маалыматка караганда, алкоголдук продукцияга жеткиликтүүлүк киреше

Кыргызстанда 1991-жылдан бери алынган гранттар жана алына турган гранттар терең анализденет

Кыргызстанда 1991-жылдан бери алынган гранттар жана алына турган гранттар терең анализденет

Президент Садыр Жапаров 4-декабрда Кыргызстан үчүн эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын координациясын жана мониторингин күчөтүүгө, ошондой эле аны улуттук өнүгүү приоритеттерине шайкеш келтирүүгө багытталган расмий тапшырмага кол койду. Документте төмөнкүлөр бекитилген: * эл аралык гранттык жана техникалык жардам долбоорлорун тандап алуу жана жактыруу боюнча Комиссиянын курамы; * өлкөдөгү мындай жардамды координациялоо

Акча алмашуу бюролорунун өкүлдөрү үчүн окутуучу семинар уюштурулду

Акча алмашуу бюролорунун өкүлдөрү үчүн окутуучу семинар уюштурулду

КРнын Улуттук банкы жана «Альянс» алмашуу бюролорунун ассоциациясы  менен биргеликте алмашуу бюролорунун кызматкерлери үчүн кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө атайын окутуучу семинар өткөрүштү. Улуттук банктын маалыматына караганда, семинардын жүрүшүндө Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын жана КРнын мыйзамдарынын негизги талаптарын сактоо тууралуу маалымат берилди. Ошондой

Google 2026-жылы "акылдуу" көз айнек чыгарат

Google 2026-жылы "акылдуу" көз айнек чыгарат

Google компаниясы 2026-жылы жасалма интеллект менен иштеген жаңы муундагы акылдуу көз айнек чыгарарын Euoronews басылмасы жазды. Бул кадам Google'дун 2015-жылы токтотулган Google Glass долбоорунан кийин акылдуу көз айнек рыногуна кайтып келүүсүн билдирет. Жаңы көз айнек Google'дун жасалма интеллект жардамчысы Gemini менен интеграцияланып иштейт. Колдонуучулар көз айнек