Тендерсиз мамлекеттик сатып алуулар: МинКаб мыйзамга масштабдуу жеңилдиктерди даярдап жатат

Тендерсиз мамлекеттик сатып алуулар: МинКаб мыйзамга масштабдуу жеңилдиктерди даярдап жатат

Каржы министрлиги "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документ конкурс өткөрбөй жүргүзүлө турган сатып алууларды кеңейтет жана "мамлекеттик тапшырма" деген жаңы түшүнүктү киргизет.

Долбоорго ылайык, мыйзамдын 2-беренесин төмөнкү учурлар менен толуктоо сунушталат, алар сатып алуу процедураларынан бошотулат:

– республикалык бюджеттин эсебинен өткөрүлүүчү, Президенттин, Жогорку Кеңеш төрагасынын, МинКаб төрагасынын катышуусу менен өтүүчү мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралар, ошондой эле чет өлкө лидерлеринин жана эл аралык делегациялардын иш сапарлары;

– мамлекеттик тапшырманын алкагында алынган товарлар, иштер жана кызматтар.

Долбоор мамлекеттик тапшырманын механизмин жөнгө салган жаңы 41-беренени киргизет. Мамлекеттик тапшырма мамлекеттик буйрутмачы менен аткаруучунун — мамлекеттик юридикалык жактын ортосундагы жарандык-укуктук келишим аркылуу расмий түрдө бекитилет. Тапшырманын алкагындагы каржылоо компаниялардын уставдык капиталынын көбөйүшүнө алып келбейт.

Мамлекеттик тапшырмалар маданиятты, туризмди, билим берүүнү, саламаттык сактоону, жол курулушун, экономика тармактарын өнүктүрүүнү, ошондой эле өлкө жетекчилигинин катышуусундагы расмий иш-чараларды камтый алат.

Мындан тышкары, юридикалык жактарга тапшырманын 50%га чейин бөлүгүн субподрядчыларга берүүгө уруксат бериле турганы такталат.

Долбоор ошондой эле тендерден тышкаркы сатып алууларды жөнгө салган нормаларды жаңылайт: Президенттин, парламент спикеринин, МинКаб төрагасынын, Жогорку жана Конституциялык соттордун төрагаларынын коопсуздугун жана ишин камсыздоого байланышкан сатып алуулар тендерсиз жүргүзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель күйүүчү майы литри 74 сомдон жеңилдик менен сатылып жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүктөрдү өстүрүү, бакчачылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов "Биринчи радио" аркылуу билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик колдоонун алкагында арзандатылган дизелдин 7 млн литрди бөлүштүрүү каралган. Баа

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Бишкек шаарынын мэриясынын орун басары Азамат Кадыров 30-мартта Бишкек шаардык кенешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында мурда убактылуу ижарага берилген жер тилкелерин сатып алуу тартибин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Анын айтымында, документ жаңы Жер кодекси күчүнө киргени менен байланыштуу даярдалган. "Жер кодексине ылайык, жер тилкелерин сатып алуу боюнча нормалар буга

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү  курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарыда 580–600дей жер тилкеси көп кабаттуу турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн убактылуу ижарага берилгенин 30-мартта мэриянын орун басары муниципалдык мүлк, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул жерлердин болжол менен 40%ы пайдаланууга берилген, калган бөлүгү азыр

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районунда калктын социалдык жактан корголбогон катмарларына мал азыгы таратылганын райондук мамлекеттик администрация билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, жардам климаттын өзгөрүшүнө туруктуу азык-түлүк системаларын өнүктүрүү долбоорунун алкагында көрсөтүлдү. Районго 135 тонна арпа жеткирилген. Азыктар 864 үй-бүлөгө бөлүштүрүлдү — ар бирине 156 килограммдан берилди. Белгиленгендей, бул долбоор райондо быйыл экинчи жолу ишке ашырылып