УКМК мамлекетке 1 млн 980 миң сом зыян келтирген адамдарды кармады

УКМК мамлекетке 1 млн 980 миң сом зыян келтирген адамдарды кармады

УКМК Аманбаев айыл өкмөтүнүн башчысын жана жер адисин коррупция жана кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу боюнча кармады

Мамлекеттик коопсуздук комитетинин маалымат кызматы маалымдагандай, Таластагы Аманбаев айыл өкмөтүнүн башчысы жана жер адиси коррупция жана кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга шек саналып кармалды.

Тергөө маалыматына ылайык, 2024-жылы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги республикалык бюджеттин эсебинен Бакайыр айылында тамчылатып сугаруу системасын жана 60 гектар аянтка суу бассейнин орнотуп берген.

Текшерүү учурунда, айыл өкмөтүнүн башчысы У.Б.А. жана жер адиси Б.С.А. бул жер тилкесин жеке кызыкчылыктары үчүн жакын туугандарына ижарага берип, мыйзамдарды бузганы аныкталган.

Мамлекетке келтирилген зыян 1 миллион 579 миң 980 сомду түзүп, ал ири суммадагы зыян катары квалификацияланган.

Эки шектүү кармалып, Талас РИИБнин убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Мындан тышкары окуңуз

Барпы айылында 1 МВт кубаттуулуктагы Күн электр станциясы курулат

Барпы айылында 1 МВт кубаттуулуктагы Күн электр станциясы курулат

"Элдик Банк" Жалал-Абад облусунун Сузак районунда күн электр станциясын куруу боюнча конкурс жарыялады. Долбоордун пландалган баасы 66 млн сомду түзөт, ал эми иштер ачык сатып алуу жол-жобосунун жыйынтыгы боюнча башталмакчы. Сатып алуу тууралуу жарыя 2026-жылдын 27-январында жарыяланган. Подрядчылардан арыздар 2026-жылдын 4-февралына чейин кабыл алынат. Конкурс чектөөсүз форматта өткөрүлөт,

Кыргызстанда жана коңшу өлкөлөрдө эттин баасы кандай?

Кыргызстанда жана коңшу өлкөлөрдө эттин баасы кандай?

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Антимонополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Женалы Орозбаев бир катар өлкөлөрдө сөөктүү эттин орточо баалары боюнча салыштырма маалымат берди. 26-январда Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында ал депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, 1 килограмм эттин баасы өлкөлөргө жараша айырмаланарын билдирди.

Бизнести текшерүүгө 2026-жылдын аягына чейин мораторий киргизүү сунушталды

Бизнести текшерүүгө 2026-жылдын аягына чейин мораторий киргизүү сунушталды

Ишкердик субъекттерин текшерүүгө убактылуу тыюу салууну киргизүү боюнча Президенттин жарлыгынын долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документ бизнеске болгон административдик басымды азайтуу жана экономикалык активдүүлүктү турукташтыруу максатында иштелип чыккан. Долбоордо белгиленгендей, ишкерлер укук коргоо органдары, салык кызматы, башка көзөмөлдөөчү мекемелер жана жергиликтүү администрациялар тарабынан жүргүзүлгөн ашыкча жана кайталанма текшерүүлөр боюнча массалык түрдө

Ош мэри мамчиновник Алимжан Байгазаковго таандык үйдү бузуу тапшырмасын берди

Ош мэри мамчиновник Алимжан Байгазаковго таандык үйдү бузуу тапшырмасын берди

Жеңишбек Токторбаев мурдагы вице-мэр, учурда Эсептөө палатасынын аудитору болуп иштеп жаткан Алимжан Байгазаковго таандык төрт кабаттуу имаратты буздуруу боюнча тапшырма бергенин Ош шаарынын мэриясы билдирди. Бүгүн эртең мененки рейд учурунда мэр тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен бирге Тилек Баатыр көчөсүндө, эски автовокзалдын жанында жайгашкан объектти жеринде көрүп чыкты. Муниципалитеттин маалыматына ылайык,