Байтикте 12 млн сомдук агрокомплекстин курулушу башталды

Байтикте 12 млн сомдук агрокомплекстин курулушу башталды

2024-жылдын 11-декабрында Чүй облусунун Байтик айылында Кыргызстан менен Түштүк Кореянын өнөктөштүгү алкагында "ДОД Компани" ишке ашырып жаткан көп тармактуу агроөнөржайлык комплекстин курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев жана "ДОД Компани" компаниясынын башкы директору Ким Хеджун катышты. Жаңы объект мал чарбасын жана продукцияны кайра иштетүүнү комплекстүү өнүктүрүүгө багытталган. Демилге региондо толук циклдүү өндүрүш чынжырын түзүүгө мүмкүндүк берет.

Келечектеги комплекстин инфраструктурасы эки негизги объекттен турат:

заманбап этти кайра иштетүү ишканасы;
заводду туруктуу чийкизат менен камсыз кылуу үчүн 5 миң баш ири мүйүздүү малга ылайыкталган чоң мал байлоо аянты (фидлот).

Долбоорду ишке ашыруунун биринчи этабындагы инвестициялардын көлөмү 12 млн долларды түзөт. МинКабда белгилешкендей, ишкананын ишке кириши агрардык секторду модернизациялоого, аймактардын экономикалык потенциалын күчөтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана жергиликтүү фермерлер үчүн продукцияны сатуунун кеңири мүмкүнчүлүктөрүн ачууга маанилүү кадам болот.

Мындан тышкары окуңуз

Талас облусунда элиталык сырлар чыгарыла баштайт

Талас облусунда элиталык сырлар чыгарыла баштайт

Талас облусунда элиталык сыр түрлөрү өндүрүлө баштарын Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду билдирди. Маалыматка ылайык, фонд жана Талас облусундагы алдыңкы сүт өндүрүүчүлөрдүн бири — "Эмилия" ЖЧКсы өндүрүш кубаттуулуктарын кеңейтүү боюнча долбоорду каржылоо келишимине кол коюшту. Жалпы инвестиция көлөмү 1,2 млн долларды түзөт. Талас облусунда биринчи жолу крем-чиз, фета жана маскарпоне

Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди

Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди

Президент Садыр Жапаров 10-апрелде Ош шаарынын жашоочулары менен жолугушууда калаанын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаевдин аша чапкан иштери болгонун билдирди.  Жапаров шаардагы имараттарды түрттүрүүдө кемчиликтер болгонун, мурдагы мэр бул жараянды баштардан мурун кенемте маселесин чечиши зарыл болгонун белгиледи.  Токторбаевдин бир катар жакшы иштери болгонун айткан мамлекет башчы бирок “снос өнөктүгүнө” байланыштуу

Ош облусунда 167 дарыгер жетишпейт

Ош облусунда 167 дарыгер жетишпейт

Азыркы учурда Ош облусу 125 дарыгерге, Ош шаары 43 дарыгерге муктаж экенин Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди. Дарыгерлердин муктаждыгын азайтуу жана саламаттык сактоо кызматкерлерин кармап калуу багытында дарыгерлердин эмгек акыларын көтөрүү, “Дарыгер депозити” программасын активдештирүү, дарыгерлер менен мугалимдердин кадыр-баркын сактоо максатында “бейбаштык” боюнча жазаларды күчөтүү сыяктуу

Кыргызстанда киберкылмыштуулук күч алууда: сандар, себептер, схемалар жана коркунучтар

Кыргызстанда киберкылмыштуулук күч алууда: сандар, себептер, схемалар жана коркунучтар

Акыркы үч жыл ичинде Кыргызстанда киберкылмыштуулуктун саны кескин өстү. Кыргызстандын Кылмыш кодексинде 300дөн ашуун кылмыштын түрү болсо, статистика боюнча жалпы кылмыштын негизги үлүшүн 2 берене: уурулук – 39% жана алдамчылык – 31% ээлейт. Мындай маалымат менен ИИМдин КИББнын Киберкылмыштарга каршы күрөш башкармалыгынын өкүлү, подполковник Чолпон Назаркулова ЖМК өкүлдөрү жана блогерлер менен болгон