Келерки жылы Кыргызстанда акча которуулар үчүн комиссия алынбайт

Келерки жылы Кыргызстанда акча которуулар үчүн комиссия алынбайт

Кыргызстандын Улуттук банкы 2026-жылдын 1-январынан тартып коммерциялык банктарга жана төлөм уюмдарына эсеп ачпастан алынган эл аралык акча которуулар үчүн жарандардан комиссия алууга толук тыюу киргизилерин эскертти.

Регулятор тиешелүү токтомду 2025-жылдын 3-декабрында кабыл алган. Убактылуу чара бир жылга — 2026-жылдын 31-декабрына чейин иштейт. Бул мезгил ичинде эл аралык акча которуу системалары аркылуу жүргүзүлгөн операциялар боюнча өлкө ичинде каражат алып жаткан жарандардан банктар жана төлөм уюмдары комиссия кармоого укуксуз.

Улуттук банк маанилүү жагдайды тактады: тыюу Кыргызстанда акча алганда кармалуучу комиссияларга гана тиешелүү. Чет өлкөдө жөнөтүүчү төлөөгө милдеттүү болгон комиссиялар бул чектөөгө кирбейт жана ошол өлкөлөрдүн операторлорунун тарифтери боюнча алынат.

Жаңы эрежелер чет өлкөдөн акча алган жарандардын каржылык жүгүн азайтууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Финансы министрлиги 2025-жылды туруктуу өсүш менен жыйынтыктады

Финансы министрлиги 2025-жылды туруктуу өсүш менен жыйынтыктады

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Финансы министрлигинин 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегиясына катышты. Бул тууралуу Өкмөтн басма сөз кызматынан билдиришти. Анын айтымында, 2020-жылдан бери Кыргызстандын консолидацияланган бюджети дээрлик 5 эсеге өстү. Эгер 2020-жылы бюджет 247,8 млрд сомду түзсө, 2025-жылы бул көрсөткүч 1 трлн 101 млрд сомго жетти. Экономиканын жалпы көлөмү

Мэрия демонттаждалган объекттердин ээлерине кайрылды

Мэрия демонттаждалган объекттердин ээлерине кайрылды

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы демонттаждалган объекттердин ээлерин өздөрүнө таандык мүлктү милдеттүү түрдө алып кетүү зарылдыгы жөнүндө маалымдайт. Демонттаждалган объекттердин ээлери бул билдирүү жарыяланган күндөн тартып бир айдын ичинде тиешелүү документтерди тариздөө жана мүлкүн алуу үчүн Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгына кайрылуусу керек. Демонттаждалган мүлк төмөнкү дарек боюнча берилет:

Дастан Бекешев такси кызматын лицензиялоо 10 миңдеген айдоочуларды ишсиз калтырарын билдирди

Дастан Бекешев такси кызматын лицензиялоо 10 миңдеген айдоочуларды ишсиз калтырарын билдирди

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев 1-февралдан тартып такси кызматын лицензиялоо он миңдеген айдоочуларды жумушсуз калтырышы мүмкүн экенин жана такси бааларынын өсүшүнө алып келерин айтып, өкмөттү мөөнөттөрдү жылдырууга чакырды. Депутаттын айтымында, эгерде өкмөт талаптарга өзгөртүүлөрдү киргизбесе, көптөгөн жарандар такси ишмердүүлүгү менен алектене албай калышат, натыйжада рыноктогу сунуш кескин кыскарат. Бекешев мунун

Мамлекеттик башкаруу академиясы 13 млн сомдун чоо-жайын айтты

Мамлекеттик башкаруу академиясы 13 млн сомдун чоо-жайын айтты

Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын студенттерге 13 млн сом кайтарып берүү талабы тууралуу түшүндүрмө таратты. Маалыматка ылайык, аталган кызмат окуу жайды текшерип, жыйынтыгында 2020-2024-жылдар аралыгында окуган студенттерге 13 млн сом кайтарып берүү керектигин эскерткен. "Академия окуу процессин уюштуруу алкагында келишимдеги милдеттерин толук аткарган