Кыргыз, кытай компаниялары Камбар-Ата-2, Үч-Коргон ГЭСтери боюнча долбоорлорду талкуулашты

Кыргыз, кытай компаниялары Камбар-Ата-2,  Үч-Коргон ГЭСтери боюнча долбоорлорду талкуулашты

Кытайдын Чэнду жана Дэян шаарларында "Электр станциялары" ААКнын башкы директору Алпбек Садыров CNEEC жана Sinohydro компанияларынын өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууларды өткөргөнүн мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү жана Үч-Коргон ГЭСин реконструкциялоо долбоорлорунун ишке ашырылышы талкууланды.

Талкуунун жыйынтыгында даярдоо, тапшыруу жана курулуш-монтаж иштеринин аткаруу нөөмөттөрүн ыкчамдатуу боюнча макулдашууга жетишилди.

Үч-Коргон ГЭСинин реконструкциясы (ГА-2 жана ГА-1):

  • 2026-жылдын 1-февралына чейин №2 гидроагрегат үчүн жабдуулардын 80%ын жеткирүү пландалууда;
  • 2026-жылдын 1-июнуна чейин №1 гидроагрегат үчүн жабдуулардын 80%ы келип чыгат;
  • долбоордук командалар техникалык адистер жана долбоор менеджерлеринен түзүлгөн;
  • ГА-2 боюнча иштер 2026-жылдын 1-октябрына, ГА-1 боюнча — 2026-жылдын 1-ноябрында аяктары күтүлүүдө.

Камбар-Ата-2 ГЭСи (экинчи гидроагрегатты ишке киргизүү):

  • долбоордук иштерди ылдамдатуу чечими кабыл алынды;
  • турбинанын моделин сыноо 2026-жылдын январь айына белгиленди;
  • 1-лот жана 2-лот боюнча даярдык, жеткирүү, монтаж жана ишке берүү мөөнөттөрү кыскартылды;
  • 3-лот боюнча курулуш иштерин жана жер тилкелерине байланыштуу процедураларды тездетүү каралууда;
  • заводдон чыгарылган жабдууларды текшерүү 2026-жылдын апрелинде жүргүзүлөт.

Сапардын алкагында делегация ошондой эле Үч-Коргон ГЭСинин эки гидроагрегаты үчүн жабдуулар чыгарылып жаткан АБР заводуна барды. Компания өндүрүштүн белгиленген нөөмөттө ылайык жүрүп жатканын билдирди.

Алынган макулдашуулар Кыргызстандагы гидроэнергетикалык инфраструктурага тиешелүү долбоорлорду өз мөөнөтүндө ишке ашырууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель күйүүчү майы литри 74 сомдон жеңилдик менен сатылып жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүктөрдү өстүрүү, бакчачылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов "Биринчи радио" аркылуу билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик колдоонун алкагында арзандатылган дизелдин 7 млн литрди бөлүштүрүү каралган. Баа

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Бишкек шаарынын мэриясынын орун басары Азамат Кадыров 30-мартта Бишкек шаардык кенешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында мурда убактылуу ижарага берилген жер тилкелерин сатып алуу тартибин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Анын айтымында, документ жаңы Жер кодекси күчүнө киргени менен байланыштуу даярдалган. "Жер кодексине ылайык, жер тилкелерин сатып алуу боюнча нормалар буга

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү  курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарыда 580–600дей жер тилкеси көп кабаттуу турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн убактылуу ижарага берилгенин 30-мартта мэриянын орун басары муниципалдык мүлк, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул жерлердин болжол менен 40%ы пайдаланууга берилген, калган бөлүгү азыр

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районунда калктын социалдык жактан корголбогон катмарларына мал азыгы таратылганын райондук мамлекеттик администрация билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, жардам климаттын өзгөрүшүнө туруктуу азык-түлүк системаларын өнүктүрүү долбоорунун алкагында көрсөтүлдү. Районго 135 тонна арпа жеткирилген. Азыктар 864 үй-бүлөгө бөлүштүрүлдү — ар бирине 156 килограммдан берилди. Белгиленгендей, бул долбоор райондо быйыл экинчи жолу ишке ашырылып