Р. Сабиров Кыргызстанда ири долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар катарлык инвесторлор менен жолукту

Р. Сабиров Кыргызстанда ири долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар катарлык инвесторлор менен жолукту

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров Катардын Al Mansour холдингинин делегациясы менен жолугушканын агенттик билдирди.

Равшанбек Сабиров "Тамчы", "Ала-Тоо Резорт", "Асман-сити", "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жолдоруна, жеткиликтүү аянтчаларга, индустриалдык жана инфраструктуралык өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүнө, ошондой эле инвесторлорду мамлекеттик колдоо чараларына кеңири токтолуп, инвестициялык ишмердүүлүк үчүн жагымдуу шарттардын бар экендигин баса белгиледи.

Al Mansour Holding өкүлдөрү Кыргызстанда узак мөөнөттүү долбоорлорду ишке киргизүүгө болгон жогорку кызыкчылыктарын айтып, конкреттүү долбоордук демилгелерди андан ары иштеп чыгуу үчүн эксперттик топторду жөнөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар сүйлөшүүлөрдүн конструктивдүү жана мазмундуу өткөнүн белгилеп, долбоордук материалдар менен алмашуу жана кошумча консультацияларды уюштуруу аркылуу ишти практикалык форматта улантууну макулдашты.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель күйүүчү майы литри 74 сомдон жеңилдик менен сатылып жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүктөрдү өстүрүү, бакчачылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов "Биринчи радио" аркылуу билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик колдоонун алкагында арзандатылган дизелдин 7 млн литрди бөлүштүрүү каралган. Баа

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Бишкек шаарынын мэриясынын орун басары Азамат Кадыров 30-мартта Бишкек шаардык кенешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында мурда убактылуу ижарага берилген жер тилкелерин сатып алуу тартибин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Анын айтымында, документ жаңы Жер кодекси күчүнө киргени менен байланыштуу даярдалган. "Жер кодексине ылайык, жер тилкелерин сатып алуу боюнча нормалар буга

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү  курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарыда 580–600дей жер тилкеси көп кабаттуу турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн убактылуу ижарага берилгенин 30-мартта мэриянын орун басары муниципалдык мүлк, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул жерлердин болжол менен 40%ы пайдаланууга берилген, калган бөлүгү азыр

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районунда калктын социалдык жактан корголбогон катмарларына мал азыгы таратылганын райондук мамлекеттик администрация билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, жардам климаттын өзгөрүшүнө туруктуу азык-түлүк системаларын өнүктүрүү долбоорунун алкагында көрсөтүлдү. Районго 135 тонна арпа жеткирилген. Азыктар 864 үй-бүлөгө бөлүштүрүлдү — ар бирине 156 килограммдан берилди. Белгиленгендей, бул долбоор райондо быйыл экинчи жолу ишке ашырылып