Россиянын Кыргызстанга салган ивестициясы 75%га өстү

Россиянын Кыргызстанга салган ивестициясы 75%га өстү

Россиянын Кыргызстанга инвестициясы 75 пайызга өскөнүн экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов Кыргыз-Россия ишкер клубунун биринчи жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, Кыргызстан менен Россия ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык ЕАЭБ, КМШ, ШКУ келишимдеринин, эркин соода аймагы жөнүндөгү макулдашуулардын, ошондой эле КР Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (БСУ/ВТО) кирген учурдан тартып, аталган уюмдун эрежелерине ылайык дискриминациясыз негизде өнүгүп жатат.

"Россиянын Кыргызстанга инвестициялары өсүүдө, расмий маалыматтарга ылайык, акыркы мезгилде россиялык инвестициянын көлөмү 75%га көбөйүп, 280 млн доллардын тегерегин түздү. Мында долбоорлор энергетика, тоо-кен өнөр жайы, өнөр жай, ошондой эле электрондук соода тармактарында ишке ашырылууда", - деп баса белгиледи ал.

Министрдин орун басарынын айтымында, россиялык бизнес бүгүнкү күндө мамлекеттик жана жеке долбоорлорду ишке ашырууда ишенимдүү жана маанилүү өнөктөш болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Чүй облусу менен Бишкектеги  эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Чүй облусу менен Бишкектеги эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Экономика жана коммерция министрлигинин биринчи орун басары Чоро Сейитов Бишкек шаарында жана Чүй облусунда ишке ашырылып жаткан негизги инвестициялык долбоорлор тууралуу айтып берди. Анын айтымында, жаңы өндүрүштөрдүн ачылышы өлкөдө миңдеген жумуш орундарын түзүп, миллиарддаган инвестицияларды тартат. Эң ири долбоорлордун бири — Resto компаниясы тарабынан электр энергиясын өндүрүүчү объекттерди куруу. Бул секторго

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

Коррупция коом жана мамлекет үчүн олуттуу коркунучтардын бири бойдон калууда. Ал жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин төмөндөтүп, адилеттүүлүк принцибин бузат жана өлкөнүн өнүгүүсүнө олуттуу зыян келтирет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык коррупциялык аракеттер үчүн катуу жоопкерчилик каралган. Тактап айтканда: * 336-берене (Коррупция)

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүз районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышын текшерүү учурунда мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айыл өкмөтүндө жалпы аянты 0,20 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзам бузуу менен жеке менчикке өтүп кеткендигибелгилүү болгон. Ошондой эле аталган жер тилкесине мыйзамсыз

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта саат 09:00дөн 16:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Ч. Айтматов пр., 93/1; 93/2; 93/3; 93/4; 93/5;