Экономика министри Германия элчиси менен экономикалык кызматташууну талкуулады
Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков 11-декабрда Германиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Моника Ленхард менен жолугушту. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташуунун учурдагы абалын карап, биргелешкен долбоорлордун жүрүшүн талкуулашты. Өзгөчө көңүл туризм багытын өнүктүрүүгө, ошондой эле чакан жана орто бизнеске колдоо көрсөтүү боюнча пландарга бурулду.
Тараптар мындан ары да натыйжалуу кызматташтыкты улантууга даяр экенин билдиришти.