Мөмөлүү дарак отургузам десең, тандаганды үйрөн

Мөмөлүү дарак отургузам десең, тандаганды үйрөн

Кыргызстандын аймактарында бак-дарактардын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу жана сапаттуу мөмө алуу багытында адистер көчөт тандоонун маанилүү эрежелерин баса белгилеп келишет. Кандай гана мөмөлүү бак эгилбесин, туура сорт тандоо жана аларды туура айкалыштырып жайгаштыруу — өндүрүмдүүлүктүн негизги фактору.


Адистердин айтымында, эң жакшы түшүм алуу үчүн жалпы бактын 80%ын негизги сорт, ал эми 20%ын 2–3 ар кандай чандаштыруучу өсүмдүктөр түзүшү зарыл. Бул бактардын бири-бирин чаңдаштырып, туруктуу жана мол түшүм берүүсүнө өбөлгө түзөт. Анткени айрым сорттор кээ бир жылдары толук гүлдөбөй калышы мүмкүн. Ошондуктан сортторду комбинациялап эгүү — эң туура чечим.


Көчөт тандоодо сорттордун биологиялык өзгөчөлүктөрүнө өзгөчө көңүл буруу сунушталат. Алардын өсүү ритми, ооруларга болгон туруктуулугу жана агротехникалык талаптары бири-бирине жакын болушу — багбанга иштерди жүргүзүүдө жеңилдик жаратат.


Мөмөлүү бактардын сортторун бириктирүүдө төмөнкү принциптерди кармануу сунушталат:

  • Жайкы сорттор — бир талаада 2–3 сорт бирге эгилет;
  • Күзгү сорттор — 2–3 сорттон айкалыштырмалуу жайгаштырылат;
  • Кышкы сорттор — өзүнчө аймакка бөлүнүп эгилет.


Мындай ыкма бак ээлерине түшүмдүүлүктү жогорулатуу менен катар, экономикалык жактан баалуу моделди түзүүгө, жылдык өндүрүштү пландаштырууга жана пайдасын көбөйтүүгө шарт түзөт.


Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылык экспертизалоо департаментинин адистери багбандарды көчөт тандоого жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырып, туура тандалган сорттор багыңыздын узак мөөнөттүү түшумдүулүгунүн негизин түзөрүн белгилешет.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте чарба кызматкерлеринин айлык акысы 50%га көтөрүлөбү?

Бишкекте чарба кызматкерлеринин айлык акысы 50%га көтөрүлөбү?

Бишкекте борбор калаадагы Жаштык арена аренасында биринчи жолу турак жай-коммуналдык чарба кызматкерлеринин (ТЖКЧК) күнүнө арналган масштабдуу иш-чарада Бишкек мэри ТЖКЧК кызматкерлеринин айлык акысы жогоруларын билдирди. Салтанатка шаардык чарба департаментинин кызматкерлери, ошондой эле "Тазалык", "Бишкексвет", "Бишкекшаардыклифт", "Бишкекжашылдандыруу", "Бишкексууканал", "Бишкек ритуалдык

АКШда бензин 23,5%га кымбаттады

АКШда бензин 23,5%га кымбаттады

АКШда Жакынкы Чыгыштагы согуш башталгандан бери бензиндин орточо баасы 23,5%га өсткөнүн The New York Times басылмасы билдирди. Басылманын маалыматына ылайык, ишемби күнү өлкө боюнча күйүүчү майдын орточо баасы галлону үчүн 3,68 долларга жетти. Баанын өсүшү дүйнөлүк рынокто мунайдын кескин кымбатташы менен байланыштуу. Акыркы эки жуманын ичинде дүйнөлүк

Трамптын администрациясы TikTok боюнча келишимден 10 миллиард доллар алат

Трамптын администрациясы TikTok боюнча келишимден 10 миллиард доллар алат

АКШ президентинин администрациясы Дональд Трамп TikTok тиркемесинин америкалык бөлүмүн инвесторлор тобуна өткөрүп берүү боюнча келишимде ортомчулук кылганы үчүн 10 млрд долларга чейин сый акы алышы мүмкүн экенин The Wall Street Journal басылмасы жазды. Басылманын маалыматына ылайык, TikTokтун америкалык бизнесине инвестиция салган тараптар популярдуу тиркеме АКШ рыногунда ишин улантышы үчүн АКШ

Ошто курулуп жаткан отуздай объектинин биринин да тийиштүү документи жок – Нурдан Орунтаев

Ошто курулуп жаткан отуздай объектинин биринин да тийиштүү документи жок – Нурдан Орунтаев

Курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев менен чогуу 14-мартта калаада көп кабаттуу үйлөрдү, түрдүү мамлекеттик имараттарды жана жол куруп жаткан ишкерлер менен жолугушту. Жолугушууда айрым ишкерлер курулушту өз акчасына салып жатышканын жана алардын цемент, кыш сыяктуу курулуш материалдарын чыгаруучу заводдордо миллиондогон