11 айда 13 келишим түзүлүп, 3,8 млрд доллардан ашык инвестиция тартылды

11 айда 13 келишим түзүлүп, 3,8 млрд доллардан ашык инвестиция тартылды

2025-жылдын 11 айынын ичинде жалпы 13 келишимге кол коюлуп, анын негизинде 3,8 млрд доллардан ашык жеке инвестиция тартылганын "Инвестициялык вектор: мамлекет жана бизнес" форумунда Президентке караштуу Улуттук инвестициялар агенттигинин директору Равшан Сабиров билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлордун негизинде Кыргызстан 68-орундан 22-орунга чейин көтөрүлүп, жалпы суммасы 434 млрд сомдон ашкан 90дон ашык долбоордон турган портфель түзүлгөн.

Ал белгилегендей, Кыргызстандын эркин экономикалык зоналары (ЭЭЗ) инвестиция тартууну жана өндүрүштү өнүктүрүүнү ийгиликтүү улантып жатат. 2022-жылдан 2025-жылдын сентябрына чейин бул зоналарга 5,1 миллиард сомдон ашык инвестиция тартылып, бюджетке түшкөн кирешелер 10 миллиард сомдон ашты.

"Бүгүнкү күндө 330дон ашык ишкана иштеп жатат. Алардын катарында өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн бекемдеген технологиялык өндүрүштөр жана импортту алмаштыруучу өндүрүштөр бар. Жаңы индустриалдык кластерлер жана өндүрүштүк парктар түзүлүп жатат. Салыктык жеңилдиктер жана жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жоболор ЭЭЗдерди бизнес үчүн жагымдуу кылууда", — деп кошумчалады Равшан Сабиров.

Мындан тышкары окуңуз

Оштогу борбордук стадиондун курулуш иштерине текшерүү жүргүзүлдү

Оштогу борбордук стадиондун курулуш иштерине текшерүү жүргүзүлдү

Ош шаарындагы А. Суюмбаев атындагы борбордук стадиондун курулуш иштери боюнча видео кайрылуу түшкөн. Анын негизинде 6-февралда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы объектте текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти. Текшерүү учурунда трибуналардагы негизги темир-бетон конструкцияларында конструктивдик бузулуулар жана кооптуу

Кыргызстан виртуалдык активдер боюнча Борбор Азияда алдыңкы орунда

Кыргызстан виртуалдык активдер боюнча Борбор Азияда алдыңкы орунда

Кыргызстан 2024-жылы виртуалдык активдердин жүгүртүүсү боюнча Казакстандан 8,5 эсе, ал эми Өзбекстандан 19 эсе алдыга чыкты. Бул тууралуу Виртуалдык активдер рыногунун катышуучуларынын ассоциациясы (ВАРКА) билдирди. Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын маалыматына ылайык, 2025-жылдын 9 айлык отчетунда Кыргызстандын виртуалдык активдер боюнча жылдык жүгүртүүсү 1,78 трлн сомду (20

ӨКМ: жоокерлердин коопсуздугун 112 видеокөзөмөл камсыз кылат

ӨКМ: жоокерлердин коопсуздугун 112 видеокөзөмөл камсыз кылат

Күн мурун өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбор барып, өздүк курамдын даярдыгы, борбордун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министр алгач аскердик кызматын өтөп жаткан жоокерлерден кабар алып, жатаканасынан, машыккан жайларына чейин көрүп чыкты. Ошондой эле мөөнөттөгү жоокерлерге кысым көрсөтүүнү болтурбоо үчүн жатканаларга, машыккан жайларга коюлган

Оштогу мурдагы “Турбаза” муниципалдык баланска кайтарылат

Оштогу мурдагы “Турбаза” муниципалдык баланска кайтарылат

Ош шаарынын Курманжан датка муниципалдык аймактык башкармалыгында жайгашкан мурдагы “Турбаза” объектисин мэриянын балансына кайтаруу иштери башталат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы рейддик кыдыруу учурунда билдирди. Шаар башчысы имараттын учурдагы абалы канааттандырарлык эмес экенин белгилеп, объектти шаардык баланска өткөрүү жана толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча тиешелүү жетекчилерге конкреттүү