Кыргызстан ИДП көлөмү 1 трлн 628 млрд 6 млн сом болду
2025-жылдын январь–ноябрь айларында ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү алдын ала баалоо боюнча 1 триллион 628 миллиард 6 миллион сомду түзгөнүн Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева басма сөз жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылдын январь–ноябрь айларында Кыргыз Республикасынын жана анын аймактарынын социалдык-экономикалык абалы негизги көрсөткүчтөрдүн өсүшү менен мүнөздөлдү.
Назира Керималиева билдиргендей, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу ИДП 10,2%га өстү.
"Мында ИДПнын өсүшүнө товар өндүрүшү тармагындагы жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү көлөмдөрдүн көбөйүшү таасир этти. ИДПнын түзүмүндө эң чоң үлүш кызмат көрсөтүү тармактарына туура келип, алардын жалпы көлөмдөгү үлүшү 49,3%ды түздү", — деп билдирди комитеттин өкүлү.