Электрондук визалардан жана Бирдиктүү уруксаттан 5 млрд сомдон ашык киреше түштү

Электрондук визалардан жана Бирдиктүү уруксаттан 5 млрд сомдон ашык киреше түштү

2025-жылы электрондук визалардын бардык түрлөрүнөн жана Бирдиктүү уруксаттан түшкөн жалпы киреше 5 млрд 60 млн 167 миң 948 сомду түзгөнүн Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу чет өлкөлүк жарандарга резидент-карталарды берүү боюнча өткөн брифингде билдирди.

Анын маалыматына ылайык, 2025-жылдын 11 айында 326 миң 158 электрондук виза таризделген.

Мындан тышкары, быйыл 48 миң 439 чет өлкөлүк жаран "Электрондук виза" порталы аркылуу Бирдиктүү уруксат алышкан. Кыргызстандын аймагында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү максатында чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам чет өлкөлүк жумушчу күчүн (ЧЖК) тартуу жана пайдалануу боюнча белгиленген квоталардын алкагында Бирдиктүү уруксатты тариздейт.

Ошондой эле Сейтек Жумакадыр уулу Президенттин 2025-жылдын 22-майындагы Жарлыгынын алкагында кыска мөөнөттүү миграциялык мунапыс (амнистия) жүргүзүлгөнүн маалымдады. Анын жыйынтыгында 10 миң чет өлкөлүк жарандын Кыргызстандагы жүрүү мөөнөтү мыйзамдаштырылган. Ошол эле учурда өлкө аймагында мыйзамсыз жүргөн 1 767 чет өлкөлүк жаран кепилдик төлөмдөрүнүн эсебинен чартердик каттамдар менен өлкөдөн чыгарылган.

"Учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган 93 чет өлкөлүк жаран убактылуу кармоо жайында кармалып турат. 2025-жылы 27 миң 520 чет өлкөлүк жаранга өлкө аймагынан чыгуу визалары таризделди", — деп кошумчалады департамент директору.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 125 775 бала бала бакчаларга электрондук кезекте турат

Кыргызстанда 125 775 бала бала бакчаларга электрондук кезекте турат

Кыргызстанда бала бакчаларга электрондук кезекте 125 миң 775 бала турганын Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билим берүү министринин орун басары Надира Джусупбекова билдирди. Анын айтымында, өлкөдө жалпы 1 жаштан 6 жашка чейинки 765 миң 769 бала бар. Алардын ичинен 320 миң 13ү мектепке чейинки билим берүү уюмдарына

Бала бакчаларды курууга 1 млрд доллар бөлүнүшү керек – Д.Бекешев

Бала бакчаларды курууга 1 млрд доллар бөлүнүшү керек – Д.Бекешев

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев  Финансы министрлиги тарабынан олуттуу реформалар жүргүзүлбөсө жана бала бакчаларды курууга жок дегенде 1 млрд доллар бөлүнбөсө кырдаал өзгөрбөй турганын билдирди. "Азыр биз жактыра турган 6 млн доллар — чынын айтканда, өлкө масштабында бул эч нерсе эмес. Биз жөн гана бир шаарга бирден бала бакча "

Кыргызстанда жалпы 196 гектар жер айдалды

Кыргызстанда жалпы 196 гектар жер айдалды

Өлкө боюнча учурда 196,3 миң гектар жер айдалып, план 15,7%га аткарылганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматына ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 39,9 миң гектарга көп. Облустар арасында Баткен облусу эң жогорку көрсөткүчтү көрсөтүп, пландын 36,

Салык кызматы электрондук отчеттор боюнча окутуу өткөрдү

Салык кызматы электрондук отчеттор боюнча окутуу өткөрдү

Мамлекеттик салык кызматы КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен биргеликте жер казынасын пайдалануучулар үчүн лицензияны кармоо боюнча жыйымдарга байланыштуу эсептөөлөрдү жана отчетторду электрондук түрдө тапшыруу боюнча окутуу иш-чарасын өткөрдү. Салык кызматынын маалыматына ылайык, окутуунун жүрүшүндө катышуучуларга лицензияны кармоо үчүн жыйымдарды эсептөө жана төлөө тартибиндеги акыркы жаңылыктар тааныштырылды.