Кыргызстан, Афганистан 157 млн долларлык 11 келишимге кол койду

Кыргызстан, Афганистан 157 млн долларлык 11 келишимге кол койду

Афганистандын борбор калаасында өткөн бизнес-форумдун жыйынтыгында эки өлкөнүн ишкерлери жалпы суммасы 157 млн долларды түзгөн 11 ниет келишимине кол коюшканын Экономика министрлиги билдирди.

Кабул шаарында өткөн иш-чарага бизнес чөйрөсүнүн жана мамлекеттик органдардын 100дөн ашуун өкүлү катышты. Кыргызстандын делегациясын экономика министри Бакыт Сыдыков жетектеди. "Кыргыз Экспорт" борборунун директору Урмат Такиров өнөктөштөргө республиканын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырып, анын жыйынтыгында конкреттүү макулдашуулар түзүлдү.

Кол коюлган документтер негизги тармактар боюнча товарларды жана кызматтарды жеткирүүнү камтыйт. Экспорттук позициялардын тизмесине төмөнкүлөр кирет:
  • телекоммуникациялык жабдуулар;
  • курулуш материалдары (цемент);
  • дары-дармектер жана бут кийим;
  • айыл чарба продукциясы жана бал;
  • логистикалык кызматтар.

Форум Афганистандын Соода жана инвестиция палатасы менен биргеликте уюштурулду. Келишимдерге кол коюудан тышкары, сапардын маанилүү окуясы катары Кабул шаарында Кыргызстандын Соода үйүнүн расмий ачылышы болду. Ошондой эле тараптар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, өз ара сооданы мындан ары кеңейтүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу келечегин талкуулашты.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 125 775 бала бала бакчаларга электрондук кезекте турат

Кыргызстанда 125 775 бала бала бакчаларга электрондук кезекте турат

Кыргызстанда бала бакчаларга электрондук кезекте 125 миң 775 бала турганын Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билим берүү министринин орун басары Надира Джусупбекова билдирди. Анын айтымында, өлкөдө жалпы 1 жаштан 6 жашка чейинки 765 миң 769 бала бар. Алардын ичинен 320 миң 13ү мектепке чейинки билим берүү уюмдарына

Бала бакчаларды курууга 1 млрд доллар бөлүнүшү керек – Д.Бекешев

Бала бакчаларды курууга 1 млрд доллар бөлүнүшү керек – Д.Бекешев

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев  Финансы министрлиги тарабынан олуттуу реформалар жүргүзүлбөсө жана бала бакчаларды курууга жок дегенде 1 млрд доллар бөлүнбөсө кырдаал өзгөрбөй турганын билдирди. "Азыр биз жактыра турган 6 млн доллар — чынын айтканда, өлкө масштабында бул эч нерсе эмес. Биз жөн гана бир шаарга бирден бала бакча "

Кыргызстанда жалпы 196 гектар жер айдалды

Кыргызстанда жалпы 196 гектар жер айдалды

Өлкө боюнча учурда 196,3 миң гектар жер айдалып, план 15,7%га аткарылганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматына ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 39,9 миң гектарга көп. Облустар арасында Баткен облусу эң жогорку көрсөткүчтү көрсөтүп, пландын 36,

Салык кызматы электрондук отчеттор боюнча окутуу өткөрдү

Салык кызматы электрондук отчеттор боюнча окутуу өткөрдү

Мамлекеттик салык кызматы КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен биргеликте жер казынасын пайдалануучулар үчүн лицензияны кармоо боюнча жыйымдарга байланыштуу эсептөөлөрдү жана отчетторду электрондук түрдө тапшыруу боюнча окутуу иш-чарасын өткөрдү. Салык кызматынын маалыматына ылайык, окутуунун жүрүшүндө катышуучуларга лицензияны кармоо үчүн жыйымдарды эсептөө жана төлөө тартибиндеги акыркы жаңылыктар тааныштырылды.