Кыргызстан, Афганистан транспорттук кызматташтыкты чыңдайт

Кыргызстан, Афганистан транспорттук кызматташтыкты чыңдайт

Кечээ Кабул шаарында транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Алмаз Тургунбаев Афганистандын транспорт жана жарандык авиация министринин орун басары Абдул Хайдари жолугуп Кыргызстан менен Афганистандын ортосундагы транспорттук кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. 

Эл аралык жүк ташууларды кеңейтүү максатында кыргыз тарап 2026-жылга карата 1000 даана уруксат бланктарын алмашууну сунуштап, афган тарап бул сунушту колдоду.

Өз кезегинде афган тарап транзит боюнча эки тараптуу макулдашуу түзүүнү сунуштап, кыргыз тарап сунушталган макулдашуунун долбоорун белгиленген тартипте кароого даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары, кыргыз тарап жүк ташуулардын коопсуздугун камсыз кылуунун зарылдыгына көңүл буруп, ошондой эле Афганистандын аймагы аркылуу Иран жана Пакистанга транзиттик ташууларды өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Медиа майданындагы атаандаштык: 2 “Чекит Медианын” талашы

Медиа майданындагы атаандаштык: 2 “Чекит Медианын” талашы

Кыргыз журналистикасындагы медиа аталышка байланышкан талаш коомчулуктун көңүлүн бурду. Асель Сооронбаева аттуу журналисттин “Чекит Медиа” ресурсунун аталышы Мунарбек Имаров аттуу блогер тарабынан  мыйзамсыз колдонулуп жаткандыгы жарыяланып, биринчиси - экинчисине карата чара көрүү өтүнүчү менен тиешелүү органдарга кайрылды. Асель Сооронбаеванын  айтымында, медиа үч жыл мурда түзүлүп, ушул убакыт аралыгында жүздөгөн журналисттик

“Аю Холдинг” компаниясынын ээси Шаршенбек Абдыкеримовдун кайрылуусу териштириле баштады

“Аю Холдинг” компаниясынын ээси Шаршенбек Абдыкеримовдун кайрылуусу териштириле баштады

Президенттин администрациясы “Аю Холдинг” компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримовдун президент Садыр Жапаровго Бишкектеги “Томми молл” соода борбору тууралуу ачык кайрылуусун териштирип баштаганын “Азаттыкка” президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Акыркы жылдары Лондондо жашап жаткан Шаршенбек Абдыкеримов 28-мартта Садыр Жапаровго мамлекетке өткөрүлгөнү айтылган эки ири соода борбору – “Аю Гранд Комфорт”

Баткенде өрүк бактарга дрондор менен дары чачыла баштады

Баткенде өрүк бактарга дрондор менен дары чачыла баштады

Баткен районунда өрүк бактарын коргоо үчүн заманбап технологиялар колдонула баштаганын райондук администрация билдирди. Самаркандек айыл аймагында бакчалар зыянкечтерге каршы дарыларды чачуу атайын дрондордун жардамы менен ишке ашып жатат. Негизги максат — айыл чарба өсүмдүктөрүн коргоо жана түшүмдүүлүктү жогорулатуу. Белгиленгендей, мындай ыкма убакытты кыйла үнөмдөйт, дары каражаттарды бирдей жана натыйжалуу чачууга мүмкүндүк

Зумерлер 2030-жылы жумушчулардын 50%ын түзөт

Зумерлер 2030-жылы жумушчулардын 50%ын түзөт

Эмгек рыногунда иш берүүчүлөрдүн үстөмдүк ролу азайып, талапкерлер барган сайын иш шарттарын жана компанияларды өздөрү тандай баштаганын бизнес-чарада рекрутинг агенттигинин директору Алина Макенова билдирди. Анын айтымында, негизги тренддердин бири — иш берүүчү менен кызматкердин ортосундагы күчтөрдүн тең салмактуулугунун өзгөрүшү. "Бүгүнкү күндө кызматкерди иш берүүчү гана тандабастан, талапкер да компанияны тандайт.