Кыргызстанда 2026-жылы эмгек акылар 2 этап менен жогорулайт

Кыргызстанда 2026-жылы эмгек акылар 2 этап менен жогорулайт

2026-жылы айлык акылар эки этап менен көбөйтүлөрүн кечээ министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик телеканалдарга берген маегинде билдирди. Анын айтымында маяналар 50 пайызга чейин жогорулайт. 

"Эмки 2026-жылга чоң пландарды койдук. Айлык акылар эки этап менен көбөйтүлөт. Биринчи этаптан баштап мугалим, дарыгерлердин, маданият кызматкерлеринин жана тейлөө кызматкерлеринин айлыгын 50%дан кем эмес көтөрөбүз. 

Экинчи этабында 1-сентябрдан баштап мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгын 50%га чейин көбөйтөбүз. Буларга жылдык эсептөөлөр менен 57 млрд сомго жакын кошумча каражат керектелет. 1-апрель менен 1-сентябрда маяналар көтөрүлө турганы эске алынып 39 млрд сом кошумча каражат эмки жылдын бюджетине киргизилди. 

Бул багытта дагы иштерди алып барабыз. Эң башкысы экономикабыз өсүп, бюджетке кошумча акча каражаты түшүп турса, биз айлыктарды дайыма көтөрүп турабыз", - деп белгиледи Касымалиев.

Мындан тышкары окуңуз

Медиа майданындагы атаандаштык: 2 “Чекит Медианын” талашы

Медиа майданындагы атаандаштык: 2 “Чекит Медианын” талашы

Кыргыз журналистикасындагы медиа аталышка байланышкан талаш коомчулуктун көңүлүн бурду. Асель Сооронбаева аттуу журналисттин “Чекит Медиа” ресурсунун аталышы Мунарбек Имаров аттуу блогер тарабынан  мыйзамсыз колдонулуп жаткандыгы жарыяланып, биринчиси - экинчисине карата чара көрүү өтүнүчү менен тиешелүү органдарга кайрылды. Асель Сооронбаеванын  айтымында, медиа үч жыл мурда түзүлүп, ушул убакыт аралыгында жүздөгөн журналисттик

“Аю Холдинг” компаниясынын ээси Шаршенбек Абдыкеримовдун кайрылуусу териштириле баштады

“Аю Холдинг” компаниясынын ээси Шаршенбек Абдыкеримовдун кайрылуусу териштириле баштады

Президенттин администрациясы “Аю Холдинг” компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримовдун президент Садыр Жапаровго Бишкектеги “Томми молл” соода борбору тууралуу ачык кайрылуусун териштирип баштаганын “Азаттыкка” президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Акыркы жылдары Лондондо жашап жаткан Шаршенбек Абдыкеримов 28-мартта Садыр Жапаровго мамлекетке өткөрүлгөнү айтылган эки ири соода борбору – “Аю Гранд Комфорт”

Баткенде өрүк бактарга дрондор менен дары чачыла баштады

Баткенде өрүк бактарга дрондор менен дары чачыла баштады

Баткен районунда өрүк бактарын коргоо үчүн заманбап технологиялар колдонула баштаганын райондук администрация билдирди. Самаркандек айыл аймагында бакчалар зыянкечтерге каршы дарыларды чачуу атайын дрондордун жардамы менен ишке ашып жатат. Негизги максат — айыл чарба өсүмдүктөрүн коргоо жана түшүмдүүлүктү жогорулатуу. Белгиленгендей, мындай ыкма убакытты кыйла үнөмдөйт, дары каражаттарды бирдей жана натыйжалуу чачууга мүмкүндүк

Зумерлер 2030-жылы жумушчулардын 50%ын түзөт

Зумерлер 2030-жылы жумушчулардын 50%ын түзөт

Эмгек рыногунда иш берүүчүлөрдүн үстөмдүк ролу азайып, талапкерлер барган сайын иш шарттарын жана компанияларды өздөрү тандай баштаганын бизнес-чарада рекрутинг агенттигинин директору Алина Макенова билдирди. Анын айтымында, негизги тренддердин бири — иш берүүчү менен кызматкердин ортосундагы күчтөрдүн тең салмактуулугунун өзгөрүшү. "Бүгүнкү күндө кызматкерди иш берүүчү гана тандабастан, талапкер да компанияны тандайт.