"Кыргызалтын" Кызыл-Омполду өз күчү менен иштетүүнү көздөп жатат

"Кыргызалтын" Кызыл-Омполду өз күчү менен иштетүүнү көздөп жатат

Жаратылыш ресурстары, экология жана кайра иштетүү министри Медер Машиев Tazabek басылмасына Кызыл-Омпол кенин иштетүү иштери кайсы этапта экенин айтып берди. Министрдин айтымында, "Кыргызалтын" Кызыл-Омполдо өндүрүштү өз күчү менен уюштурууну пландап жатат.

"Өндүрүштүн биринчи этабы — титаномагнетитти жана руданы бөлүү. Руда эки бөлүккө ажыратылат: бир бөлүгү — титаномагнетит, экинчиси — комплекстүү руда. Ал жерде башка коштоочу пайдалуу кендер да бар. Бул эки компонент эки башка өндүрүштө кайра иштетилет. Комплекстүү руда Кара-Балта тоо-кен комбинатында кайра иштетилет", — деп түшүндүрдү министр.

Машиев ошондой эле титанды темирден ажыратуу үчүн жаңы өндүрүш куруу зарылдыгын кошумчалады.

"Так ушул өндүрүш боюнча “Кыргызалтын” өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Алар алдыңкы технологияларды изилдеп, ар түрдүү компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп жатат", — деп жыйынтыктады министр.

Мындан тышкары окуңуз

Алдоо жолу аркылуу акча өндүрүү менен шугулданган  26 жаштагы кыз кармалды

Алдоо жолу аркылуу акча өндүрүү менен шугулданган 26 жаштагы кыз кармалды

2026-жылдын 2-мартында Бишкек шаарынын Октябрь РИИБна Г.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, «Нурайым» аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранган. Арыз ээсинин айтымында, 2026-жылдын февраль айынан 1-мартына чейинки мезгилде ал аял ишенимине кирип, «Telegram» мессенджери аркылуу акча каражаттарын көбөйтүү шылтоосу менен аны «трейдинг» деп аталган топко кошкон. Бишкек шаарынын ИИББнын

Кыргызстан менен Өзбекстан эмгек миграциясы боюнча кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан менен Өзбекстан эмгек миграциясы боюнча кызматташтыкты кеңейтет

Бүгүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Сагынбаев Кыргыз Республикасындагы Өзбекстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саидикрам Ниязходжаев менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушууда тараптар эмгек миграциясы жана социалдык маселелер боюнча кыргыз-өзбек кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Анын ичинде калкты жумуш менен камсыз кылуу, социалдык коргоо

Дыйкандарга арпа, буудай жана кант кызылчасын көбүрөөк эгүү сунушталды

Дыйкандарга арпа, буудай жана кант кызылчасын көбүрөөк эгүү сунушталды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идирисов дыйкандарга арпа, буудай, картошка, пияз жана кант кызылчасы сыяктуу социалдык маанилүү айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө өзгөчө көңүл бурууну сунуштады. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Анын айтымында, дан эгиндери жана кант кызылчасы өлкөнүн

Күрөөнүн баасын атайылап төмөндөтүү алдамчылык – Г.Кожогулова

Күрөөнүн баасын атайылап төмөндөтүү алдамчылык – Г.Кожогулова

Депутат Гуля Кожокулова парламент жыйынында насыя боюнча күрөөнүн суммасын атайылап төмөн баалоону банктардын тузагы деп атады. Анын айтымында, күрөө мүлкү рыноктогу чыныгы баасына ылайык бааланбайт. "Жарандар катуу шарттарга туш болуп, насыяларын белгиленген мөөнөттө төлөй албай калышат. Канча тагдыр талкаланды, канча адам өз жанын кыйды! Коммерциялык банктардын жоопкерчилигин да караш