Кыргызстандын кредиттик рейтинги эл аралык шкала боюнча BB- деңгээлине чейин жогорулады

Кыргызстандын  кредиттик рейтинги эл аралык шкала боюнча BB- деңгээлине чейин жогорулады

Аналитикалык кредиттик рейтинг агенттиги (АКРА) Кыргызстандын узак мөөнөттүү кредиттик рейтингин эл аралык шкала боюнча BB- деңгээлине чейин жогорулатты. Агенттиктин билдирүүсүндө айтылгандай, чет өлкөлүк жана улуттук валютадагы рейтингдер боюнча божомол "Туруктуу" деп бааланган, бул жакынкы 12–18 ай ичинде рейтингдин өзгөрүүсүз калышы ыктымал экенин билдирет.

АКРАнын маалыматына ылайык, чет өлкөлүк валютадагы рейтинг BB-, улуттук валютадагы рейтинг да BB-деңгээлине көтөрүлгөн. Бул чечим методологиянын жаңыланышы, институционалдык чөйрөгө берилген баалардын өзгөрүшү жана бир катар факторлордун кайра каралышы менен байланыштуу.

Позитивдүү факторлордун катарында АКРА мамлекеттик карыздын орточо жана төмөндөп жаткан деңгээлин, жеңилдетилген карыздын үлүшү жогору болгондуктан пайыздык чыгымдардын аздыгын, экономикалык өсүштүн жогору болушун жана эл аралык өнүктүрүү институттары тарабынан туруктуу колдоону белгилейт. Ошондой эле отчетто экономиканын түзүмүндө мамлекеттик жана квазимамлекеттик сектордун үлүшү салыштырмалуу төмөн экени көрсөтүлгөн.

Тобокел факторлору катары калктын жашоо деңгээлинин төмөн болушу жана тышкы секторго болгон жогорку көз карандылык айтылат. Тактап айтканда, АКРАнын маалыматына ылайык, калк башына эсептелген ИДП учурдагы баалар менен 2,5 миң доллардан бир аз жогору.
2025-жылы импорттун түзүмүндө Кытай Эл Республикасынын үлүшү болжол менен 47%, Россиянын үлүшү 20% түзгөн. Чет өлкөдөн акча которуулар 2019–2023-жылдары орточо эсеп менен ИДПнын төрттөн бир бөлүгүн түзсө, 2024-жылдын октябрынан 2025-жылдын сентябрына чейинки мезгилде бул көрсөткүч АКРА болжолдогон учурдагы жылдын ИДПсынын 16,3%ына чейин кыскарган.

Мамлекеттик каржы блогу боюнча АКРА 2020-жылы ИДПнын 68%ына чейин өскөн мамлекеттик карыз 2021–2024-жылдары турукташып, 2025-жылдын август айына карата 42%ды түзгөнүн билдирет. Агенттиктин маалыматы боюнча, бюджет 2023-жылы ИДПнын 0,9%ы, 2024-жылы 2,4%ы өлчөмүндө профицит менен аткарылган. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча да профицит болушу мүмкүн экени айтылат.

Тышкы позиция боюнча АКРА учурдагы эсептин терс сальдосунун жогору экенин, бирок 2025-жылы аны кыскартуу тенденциясы байкаларын, ошондой эле резервдердин карызды жана импортту жабуу деңгээли төмөн экенин белгилейт. Билдирүүгө ылайык, Кыргызстандын Улуттук банкынын валюта резервдери 2025-жылдын ноябрь айынын аягына карата 8,27 млрд долларга жеткен. Ошол эле учурда, 2025-жылдын ноябрь айына карата резервдердин жалпы тышкы карызды (корпоративдик ички карыздын бир бөлүгүн эсепке албаганда) жабуу деңгээли 75%ды, ал эми 2024-жылы товарлар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн импортун жабуу мөөнөтү төрт айды түзгөн. Тышкы мамлекеттик карыз 2025-жылга АКРА болжолдогон ИДПнын 24,7%ы, ички мамлекеттик карыз — ноябрь айынын башына карата 17%ы деп бааланган.

Мындан тышкары окуңуз

Кытай менен Түндүк Корея ортосунда жүргүнчү поезд каттай баштайт

Кытай менен Түндүк Корея ортосунда жүргүнчү поезд каттай баштайт

Кытай менен Түндүк Корея ортосунда жүргүнчүлөр үчүн поезд каттамы алты жылдан кийин биринчи жолу кайра жанданганын South China Morning Post (SCMP) басылмасы жазды. Алгачкы поезд Бээжин шаарынан Пхеньян шаарына 12-мартта жөнөйт. Маалыматка ылайык, Бээжинден поезддер жумасына төрт жолу каттайт: * дүйшөмбү, * шаршемби, * бейшемби, * ишемби күндөрү. Ал эми кайра кайтуу каттамдарынын жүгүртмөсү

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Куванычбек Конгантиев кармалды

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Куванычбек Конгантиев кармалды

Бишкекте УКМК Жогорку Кеңештин депутаты Куванычбек Конгантиевди кармаганын укук коргоо органдарындагы маалымат булактарга таянуу менен ЖМКлар маалымат чыгарышты. Алдын ала маалыматтарга караганда, экс-депутатка карата учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кармоонун чоо-жайы жана мүмкүн болгон айыптар азырынча тактала элек. Булактардын маалыматына ылайык, ал коррупция жана мыйзамсыз байыган деген шек менен айыпталууда. Мунун

Караколдо 14 млн сомдон ашык мамлекеттик карыз өндүрүлдү

Караколдо 14 млн сомдон ашык мамлекеттик карыз өндүрүлдү

Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматынын Каракол шаардык бөлүмүндө мамлекеттик насыя боюнча карызды өндүрүү тууралуу аткаруу өндүрүшү жүргүзүлгөн. ЖЧКсы компаниясынын негиздөөчүсү ишкер О.М.Ж.  карызкор катары көрсөтүлгөн. Аткаруу баракчасы Ак-Суу райондук сотунун 2025-жылдын 26-июнундагы чечиминин негизинде келип түшкөн. Чечимге ылайык, карызкордон 14 млн 270 миң сом Ысык-Көл облусун өнүктүрүү

Токмок шаарынын экс-мэри М.Нусувалиев жана мэрия кызматкерлер үй камагына чыгарылды

Токмок шаарынын экс-мэри М.Нусувалиев жана мэрия кызматкерлер үй камагына чыгарылды

Бишкек шаардык соту 10-мартта Токмок шаарынын мурдагы мэри Максат Нусувалиевге, мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы жетекчисине (Т.у.А.), техникалык көзөмөл боюнча мурдагы адиске (А.А.Э.) жана “Аль-Кадыр-Сантехсервис” ишканасынын башчысына (К.Т.Э.) чыккан райондук соттун өкүмүн жокко чыгарып, ишти райондук сотко кайра кароого жөнөттү. Алардын баары теӊ камактан