Мамлекеттин бюджетинен билим берүүгө, саламаттык сактоого жана социалдык коргоого 169,3 млрд сом сарпталган

Мамлекеттин бюджетинен билим берүүгө, саламаттык сактоого жана социалдык коргоого 169,3 млрд сом сарпталган

2024-жылы билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык коргоо сыяктуу негизги кызматтарга мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн чыгымдар 169,3 млрд сомду түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 3,5%га өскөнү "Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүү максаттарынын статистикасы 2015–2024" аттуу статистикалык жыйнакта айтылат.

2015-жылга салыштырмалуу бул багыттарга бөлүнгөн чыгымдар 2,7 эсеге көбөйгөн.

Ошол эле учурда, бул кызматтарга бөлүнгөн мамлекеттик каражаттар акчалай көлөмдө өсүп жатканына карабастан, алардын мамлекеттик чыгымдардын жалпы көлөмүндөгү үлүшү кыскарганы байкалууда. Тактап айтканда, 2015-жылы мындай кызматтар мамлекеттик бюджеттин жалпы чыгымдарынын 46,8%ын түзсө (2023-жылы — 43,1%), 2024-жылы бул көрсөткүч 39,7%га чейин төмөндөгөн.

Негизги кызматтарга бөлүнгөн каражаттардын эң чоң үлүшү мурдагыдай эле билим берүү тармагына туура келет. 2024-жылы билим берүүгө бөлүнгөн каражаттар мамлекеттик бюджеттин жалпы чыгымдарынын 17,3%ын түзгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Эки айда айыл чарба продукциясы 29,8 млрд сомго жетти

Эки айда айыл чарба продукциясы 29,8 млрд сомго жетти

Быйыл январь-февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда экономикалык өсүштүн оң динамикасы сакталууда. Бул тууралуу экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматына ылайык, ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү 264,1 млрд сомду түзүп, өсүү темпи 108,8 % болду. Айыл чарба тармагында эки ай ичинде 29,8 млрд сомдук

"Дордой" базарынын дал ортосунан өткөн жаңы жол курулат

"Дордой" базарынын дал ортосунан өткөн жаңы жол курулат

Бишкектеги "Дордой" базарынын ички инфраструктурасын жакшыртуунун алкагында Ибраимов жана Элебесов көчөлөрүн туташтыруучу жаңы жолду, ошондой эле борбордук өтмөккө чейинки кошумча жолду салуу пландалып жатканын калаа мэри Айбек Жунушалиевдин "Дордой" ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду. Тараптар базардын ички инфраструктурасын өнүктүрүү жана көрктөндүрүү маселелерин

Адамдарды кайырчылыкка тарткандарга 20 миң сом айып пул салынат

Адамдарды кайырчылыкка тарткандарга 20 миң сом айып пул салынат

Жогорку Кеңештин сот-укуктук маселелер, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитети кайырчылыкка каршы мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Мыйзам долбооруна ылайык, Укук бузуулар кодексине кайырчылыкка байланыштуу жаңы нормаларды киргизүү сунушталууда. Ага ылайык: * жолдун жүрүүчү бөлүгүндө кайыр сурагандыгы үчүн, * же коомдук жайларда адамдарга жабышып, акча же жардам сурагандыгы үчүн жаза

Бишкектеги №195 каттамдын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөртүлдү

Бишкектеги №195 каттамдын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөртүлдү

Бишкек шаарында оптимизациялоо иштеринин алкагында, 2026-жылдын 18-мартынан тартып №195 каттамдын кыймыл-чиймеси убактылуу өзгөртүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Буга ылайык, аталган каттам мындан ары Бөкөнбаев көчөсү аркылуу эмес, Логвиненко көчөсү аркылуу өтөт. Урматтуу шаар тургундары жана коноктору, киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алып, сапарларыңызды алдын ала пландап алууну өтүнөбүз. Ошондой эле коомдук транспортту