"Бишкек" ЭЭАсында быйыл 7 завод ишке кирген
“Бишкек” эркин экономикалык аймагынан 180ден ашык продукция чыкса, алардын ичинде 30 продукция уникалдуу товар экенин “Бишкек” ЭЭАнын башкы директору Умбриэл Темиралиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
"Биз жерин, инфраструктурасын жана мамлекет бизге берген артыкчылыктарын ишке ашырып, ишкерлерге жана инвесторлорго шарт түзүп беребиз. Мындайча айтканда, ЭЭА өзү эч нерсе өндүрүп чыгарбайт. Жөн гана бизге муктаж болгон, иштейм деген ишкерлерге шарт түзөбүз. Ошол шарттын негизинде биздин негизги фокус бул ишкер менен иштөө. Кайсы ишкер бизге келет деп күтүп отурбастан, биз өзүбүз багыттарды, приоритеттүү мамлекеттерди тандап алып, ошол мамлекеттерден келе турган ишкерлердин артынан өзүбүз чуркадык”,- деди Темиралиев.
Ошондой эле ал өз сөзүндө акыркы бир жылдын ичинде аймакта 100гө жакын ишкана каттоодон өткөндүгүн маалымдады.
“Чоң аракетибиздин натыйжасы биздеги ачылган заводдор болду. Акыркы эле бир жылдын ичинде 100гө жакын ишкана бизден каттоодон өтүп, резидент болду. Экинчиси президентибиз Эгемендүүлүк күнү өлкө боюнча 66 завод ачса, ошонун ичинен 20 завод Чүй облусунда ачылды. Ошол 20 заводдун ичинен 7 завод “Бишкек” эркин экономикалык аймагында ишке кирди. Биз ушул ишкерлер аркылуу инвестиция алып келишибиз керек”,- деди ал.