Быйыл 11 айда 1,1 млн жаранга салыктык кызмат көрсөтүлгөн

Быйыл 11 айда 1,1 млн жаранга салыктык кызмат көрсөтүлгөн

Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын 11 айында 1,1 млн салык төлөөчүгө салыктык кызматтарды көрсөткөн болсо, анын ичинен 529,8 миң салык төлөөчүгө кызматтар онлайн түрдө, ал эми 631,7 миң салык төлөөчүгө офлайн режимде көрсөтүлгөн.

Тактап айтканда, 370,4 миң салык төлөөчү салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын бар же жок экендиги тууралуу маалымкат алуу кызматын колдонду;

274,4 миң салык төлөөчү Салык төлөөчүнүн кабинетине жеткиликтүүлүктү ырастоо жана калыбына келтирүү боюнча кызмат алды;

238,3 миң салык төлөөчү патентти тариздөө жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча кызматтардан пайдаланган.

Ал эми 143,9 миң салык төлөөчү каттоо, кайра каттоо жана эсептик каттоо маселелери боюнча кайрылган;

64,5 миң салык төлөөчү товарларды алып кирүүнү тастыктоо же андан баш тартуу жана кыйыр салыктарды төлөө боюнча чечимдерге байланыштуу кызматтарды алган.

Ошондой эле 69,8 миң салык төлөөчү башка түрдөгү кызматтарды колдонгон.

Мындан тышкары, январь–ноябрь айларында Мамлекеттик салык кызматынын Маалымат борбору 173,5 миң салык төлөөчүгө ар түрдүү салыктык маселелер боюнча консультацияларды берген.Быйыл 11

Мындан тышкары окуңуз

Уланбек Жаанбаев: Ишкерлер накталай акчаларын Кыргызстанга алып кире албай жатышат

Уланбек Жаанбаев: Ишкерлер накталай акчаларын Кыргызстанга алып кире албай жатышат

Россияда иштеген кыргызстандык ишкерлер Кыргызстанга накталай акча алып кире албай жатышканын айтып даттанышканын бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Уланбек Жаанбаев билдирди. Анын айтымында, ага жергиликтүү ишкерлерден эки арыз түшкөн. "Алар УКМКнын 30-бөлүмүнүн кызматкерлери Ош жана Бишкек аэропорттору аркылуу накталай акчаны Кыргызстанга алып кирүүгө уруксат бербей жатканын айтышууда. Бул туура

Оштун Өзбекстан менен чектешкен аймагында ЭЭЗ ачуу сунушталды

Оштун Өзбекстан менен чектешкен аймагында ЭЭЗ ачуу сунушталды

Ош облусунун тургундары Өзбекстан менен чек ара тилкесинде эркин экономикалык аймак (ЭЭЗ) ачып берүүнү суранып жатышканын Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков билдирди. Анын айтымында, Жалал-Абад жана Баткен облустарында ушундай аймактарды түзүүнүн оң тажрыйбасы чек ара аймактарынын өнүгүүсүндө жакшы динамиканы көрсөттү. Депутаттын пикиринде, Ош облусунда ЭЭЗ ачуу аймактын экономикасына олуттуу

Нарында быйыл 2 443 турак жай камсыздандырылды

Нарында быйыл 2 443 турак жай камсыздандырылды

Нарын облусунда жыл башынан бери 2 миң 443 турак жай камсыздандырылып, 1 жаранга 308 миң 974 сомдук кенемте төлөнүп берилгенин "Кабар" агенттигине Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Нарын облусундагы филиалынын директорунун орун басары Нурсултан Мамытов билдирди. Анын айтымында, аймакта турак жайын камсыздандыргандардын саны жылдан жылга көбөйүүдө. "Бул көрсөткүчтү мындан

ИИМ 25 млн сомдук материалдык зыян келтирген УКТ мүчөлөрүн кармады

ИИМ 25 млн сомдук материалдык зыян келтирген УКТ мүчөлөрүн кармады

ИИМ 15 адамдан турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармаганын ведомстводон билдиришти. Кармалгандар мурда бир нече жолу соттолгон жана УКТнын активдүү мүчөлөрү катары каттоодо турган. Алардын өзгөчө ири өлчөмдөгү уурулук жана каракчылык фактыларына тиешеси бар экендиги аныкталды. Кылмышкерлер административдик имараттарды, соода объектилерин жана кеңселерди тоноо менен алектенишкен. Кылмыш жасоодо топтун мүчөлөрү