Уланбек Жаанбаев: Ишкерлер накталай акчаларын Кыргызстанга алып кире албай жатышат

Уланбек Жаанбаев: Ишкерлер накталай акчаларын Кыргызстанга алып кире албай жатышат

Россияда иштеген кыргызстандык ишкерлер Кыргызстанга накталай акча алып кире албай жатышканын айтып даттанышканын бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Уланбек Жаанбаев билдирди.

Анын айтымында, ага жергиликтүү ишкерлерден эки арыз түшкөн.

"Алар УКМКнын 30-бөлүмүнүн кызматкерлери Ош жана Бишкек аэропорттору аркылуу накталай акчаны Кыргызстанга алып кирүүгө уруксат бербей жатканын айтышууда. Бул туура эмес практика. Канчалык көлөмдө алып келсе да, ишкерлерге мындай мүмкүнчүлүк берилиши керек", — деди Уланбек Жаанбаев.

Ал Министрлер кабинетине жаралган кырдаалга чара көрүүнү тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

Аяз Баетов: Кыргызстан 2020-жылдан бери Кытайдан карыз алган эмес

Аяз Баетов: Кыргызстан 2020-жылдан бери Кытайдан карыз алган эмес

Юстиция министри Аяз Баетов социалдык тармактар аркылуу Кыргызстандын Кытайга болгон карызы тууралуу билдирди. Анын айтымында, Кытай Эл Республикасынан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин убагында 1 миллиард 796 миллион 853 мин 530 доллар карыз алынган.  2020-жылдан бери бир да доллар Кытайдан карыз алынган эмес. Тескерисинче 419 миллион 840 мин 537 доллары

Балыкчы – Кочкор темир жолу пайдаланууга берилди

Балыкчы – Кочкор темир жолу пайдаланууга берилди

Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-июлда, Нарын облусунда Балыкчы – Кочкор темир жолунун жана Кочкор станциясынын ачылыш аземине катышты. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүнүн айтымында, мамлекет башчысы Кочкор станциясына поезд менен келип, жаңы темир жол каттамын жеке өзү текшерип, аткарылган иштердин сапатына баа берди. Узундугу 63 чакырымды түзгөн Балыкчы – Кочкор тилкеси

Кыргызстанга Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин келет

Кыргызстанга Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин келет

25-июлда Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий сапар менен Кыргызстанга келген Кытай Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин саясий бюросунун мүчөсү, Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри Ван И менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тышкы саясий мекемелердин башчылары Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга

Электр энергиясына карызы бар 5 миңден ашуун абоненттин жарыгы өчүрүлөт

Электр энергиясына карызы бар 5 миңден ашуун абоненттин жарыгы өчүрүлөт

27-июлда Бишкек шаарында дебитордук карызы бар 5 миңден ашык абонент электр энергиясынан аралыктан ажыратылат. Бул тууралуу Бишкек электр тармактары ишканасынан билдиришти. Маалыматка таянсак, ыңгайсыздыктарды болтурбоо максатында Бишкек электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө чакырат. Абоненттер жеке эсебиндеги карызды ишкананын сайтындагы “Абоненттин балансы” бөлүмү аркылуу