2025-жылы пайдаланууга берилген объектилердин саны 32,7 пайызга өстү
2025-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында курулуш иштери планга ылайык жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты.
Билдирүүгө караганда, жыл жыйынтыгы менен өлкө боюнча 3,4 млн чарчы метр турак жай пайдаланууга берилди. 2024-жылы бул көрсөткүч 2,027 млн чарчы метрди түзгөн.
Республика боюнча жалпы 1905 объект пайдаланууга берилди. 2024-жылдагы 1435 объектке салыштырмалуу пайдаланууга берилген объектилердин саны 32,7 пайызга көбөйдү.
Бул көрсөткүч курулуш тармагындагы ишмердүүлүктүн жогорулаганын жана инфраструктуралык долбоорлордун ырааттуу ишке ашырылып жатканын айгинелейт.