Жалал-Абадда саатына 360 куб метр ташты майдалоочу завод жакында ишке кирет

Жалал-Абадда саатына 360 куб метр ташты майдалоочу завод  жакында ишке кирет

 Бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Манас шаарында курулуш иштери аяктап калган жаңы таш майдалоочу завод менен таанышты.

Өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, завод саатына 360 куб метрге чейин өндүрүш кубаттуулугуна ылайыкташкан. Учурда курулуш иштери дээрлик жыйынтыкталып, завод ишке киргизүүгө даяр абалда турат.

Завод Көк-Арт дарыясынын жээгине курулгандыктан, облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы тарабынан дарыянын коргоо зонасы толук сакталбагандыгы белгиленген. Таанышуу учурунда облус башчысы объекттин аймагын жеринде көрүп чыгып, Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов жана завод жетекчилигине дарыянын коргоо зонасын эске алуу менен кошумча дамба куруу иштерин жүргүзүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Өндүрүш объектиси кытайлык инвесторлордун колдоосу менен курулуп, жалпы наркы 7 млн долларды түзөт. Толук ишке берилгенден кийин 70ке жакын жергиликтүү тургун туруктуу жумуш орду менен камсыз болот. Учурда объектке 60ка жакын жаңы техника алып келинген.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыш мезгилинде жолдордо үзгүлтүксүз кыймылды камсыздоо тапшырмасы коюлду

Жалал-Абадда төрт курулуш объектисинен мыйзам бузуулар аныкталды

Бишкектеги жарманкеде 4 миңден ашык жумуш орду сунушталат

Микрокредит алуучулардын саны 3 эсеге өстү

Токтогул - "Беш-Таш" унаа жолунун 21 километри асфальтталды