Кумтөрдүн алтын запасы түгөнүү коркунучундабы же?

Кумтөрдүн алтын запасы түгөнүү коркунучундабы же?

2026-жылдын 1-январынан бери интернет майданында “Кумтөр: геологдор коңгуроо кагууда” аталышындагы Кыргызстандын тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын башкармалыгынын төрагасы Дүйшөнбек Камчыбековдун билдирүүсү кызуу талкууга алынууда.

Анда Дүйшөнбек Камчыбеков Кумтөр кенин курчап турган системалуу көйгөйлөрдүн көбөйүшү тууралуу коомчулукка коңгуроо каккан. Анын пикиринде, Кыргызстандагы эң ири алтын кенинин учурдагы оң каржылык көрсөткүчтөрү айтылганы менен бир катар татаал маселелер жашырылууда:

1. Өндүрүш көлөмүнүн төмөндөшү.

2. Чыгымдардын өсүшү.

3. Ачык казып алуу үчүн чектелген резервдер.

4. Алтынды бөлүп алуу көрсөткүчтөрүнүн төмөндөшү.

5. Жер астындагы казып алуунун татаалдыгы жана баасы.

6. Калдыктарды сактоочу жайды иштетүүнүн тобокелдиктери.

7. Экологиялык тобокелдиктер.

8. Кесипкөй коомчулук үчүн маалыматтын купуялуулугу ж.б.

Адистин билдирүүсүнө караганда, Кумтөр кени мамлекеттин менчигине кайтарылгандан бери алтын өндүрүү көлөмү төмөндөп, өндүрүш 17 тоннадан  жылына 11 тоннага же андан төмөнгө чейин түшүп кетиши мүмкүн. Демек, мындай болсо өндүрүш пландарын аткарбай калуу коркунучун жаратат. Айрым эксперттер муну запастардын азайышынын табигый кесепети деп эсептешсе, башкалары башкаруучулук, технологиялык жана стратегиялык кемчиликтерди белгилешет.

Ал эми расмий "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому 2025-жылдын 12 айындагы жыйынтыгы менен бөлүшүп жатып, өзүнүн өндүрүштүк ишмердүүлүгүнөн түшкөн таза кирешеси 59 млрд 286 млн сомду түзгөндүгүн билдирген. Компаниянын билдирүүсүнө караганда, 2025-жылдын аягына чейин алтын өндүрүүнүн көлөмү 12 тоннадан ашуусу күтүлмөк. 

Мындан тышкары окуңуз

Жогорку Кеңеште мыйзам долбоорун кароону, тапшырууну санариптик түргө өткөрүү сунушталды

Жогорку Кеңеште мыйзам долбоорун кароону, тапшырууну санариптик түргө өткөрүү сунушталды

Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорлорун тапшыруу жана кароо процессин электрондук форматка өткөрүүнү караган мыйзам долбоору киргизилди. Документ парламенттин регламенти жана ченемдик укуктук актылар тууралуу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайт. Өзгөртүүлөрдүн маңызы — документтерди бир эле учурда кагаз жана электрондук түрдө милдеттүү түрдө тапшыруу талабынан баш тартуу. Анын ордуна мыйзам долбоорлорун жана коштоочу материалдарды

Аскер комиссариаттын кызматкери акча алып жатканда кармалды

Аскер комиссариаттын кызматкери акча алып жатканда кармалды

Ноокат райондук аскер комиссариатынын кызматкери опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча кармалды.Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, атайын кызматтын Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында 28-апрелде 2-бөлүмдүн башчысы С.у.М. опузалап талап кылынган акчаны алып жаткан учурда кармалган. Бул факт боюнча

Медициналык кароосуз мигранттарга иштөөгө уруксат жок

Медициналык кароосуз мигранттарга иштөөгө уруксат жок

Кыргызстанда эмгек мигранттары үчүн милдеттүү медициналык көзөмөл киргизүүнү караган мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документ тышкы эмгек миграциясы жана жарандардын саламаттыгын коргоо тууралуу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайт. Долбоорго ылайык, өлкөгө иштөө үчүн келген чет өлкөлүк жарандар төмөнкүлөрдөн өтүшү керек: * эмгек ишмердигин баштоодон мурун милдеттүү медициналык кароодон өтүү; * уруксат берүүчү документтерди

ЕАЭБ өлкөлөрү учактарды импорттоого карата бажы алымын нөлгө түшүрүштү

ЕАЭБ өлкөлөрү учактарды импорттоого карата бажы алымын нөлгө түшүрүштү

Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөр Казакстандын сунушу менен учактарды импорттоого карата бажы алымын 12 жылга нөлгө түшүрүшкөнүн Казакстандын Соода министрлиги билдирди. ЕАЭБге Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россия кирет. Бул өлкөлөр бирдиктүү бажы аймагын түзгөндүктөн, үчүнчү өлкөлөрдөн импорттолгон көпчүлүк товарларга бирдиктүү бажы алымдары колдонулат. Буга чейин учактарды импорттоодо бажы алымы