Англияда "зыяндуу тамактарды" жарнамалоону кыскартуу 2 млрд фунт стерлингди үнөмдөйт

Англияда "зыяндуу тамактарды" жарнамалоону кыскартуу 2 млрд фунт стерлингди үнөмдөйт

Англияда зыяндуу тамактарды интернет мейкиндигинде жарнамалоого тыюу салуу тартиби киргизилди. The Guardian гезитинин маалыматына ылайык, чектөөлөр курамында кант, май жана туз көп болгон 13 категориядагы азык-түлүккө тиешелүү.

Алардын катарына кант кошулган суусундуктар (анын ичинде йогурт сыяктуу айрым сүт азыктары), чипсылар, туздуу крекерлер жана печеньелер, кант кошулган жүгөрү талканы жана башка эртең мененки "жарым-жартылай даяр" тамактар, попкорн, шоколад, сагыз, балмуздак, кант кошулуп бышырылган азыктар, пицца жана тоңдурулган даяр тамактар кирет.

Британ өкмөтү балдар арасындагы семирүүнүн масштабын көрсөткөн статистиканы келтирет. Мисалы, башталгыч мектепке киргенде балдардын 22,1%ы ашыкча салмакка же семирүүгө дуушар болот. Ал эми мектепти аяктаган учурда бул көрсөткүч 35,8%га чейин өсөт. Ошондой эле 5 жаштан 9 жашка чейинки балдардын дарыгерге кайрылуусунун негизги себеби тиш кариеси экени белгиленет.
Бийлик изилдөөлөрдүн жыйынтыгына таянып, жарнама балдардын эмне жана качан тамак жешине таасир этерин, алардын даам тандоосун эрте курактан калыптандырып, семирүү жана ага байланыштуу оорулардын коркунучун жогорулатарын белгилейт. Өкмөттүн пикиринде, жаңы чаралар балдардын жылдык калория керектөөсүн 7,2 миллиард калорияга азайтып, семирүү менен жабыркаган балдардын санын 20 миңге кыскартууга жардам берет.

Узак мөөнөттүү келечекте бул жаңы эрежелер жарандардын жалпы саламаттыгынын жакшырышына байланыштуу болжол менен 2 миллиард фунт стерлинг үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги Орозо айт майрамына карата айт намазына 30 миңден ашуун адам чогулду

Бишкектеги Орозо айт майрамына карата айт намазына 30 миңден ашуун адам чогулду

Эртең менен эрте эле борбордук аянтка шаардын ар тарабынан адамдар агыла баштады. Таң атканга чейин эле мейкиндик толо баштап, жарандар үй-бүлөлөрү менен, колдоруна жайнамаздарын кармап келишип, сап-сап болуп тизиле башташты. Намаз башталганга карата аянт дээрлик толуп калды. Ишенгендер борбордук бөлүктү гана эмес, ага чектеш көчөлөрдү да ээлеп, ийин тирешип турушту.

"Ала-Тоо Резорттун" жер тилкелери боюнча аукциондун II этабы жарыяланды

"Ала-Тоо Резорттун" жер тилкелери боюнча аукциондун II этабы жарыяланды

"Ала-Тоо Резорт" ири курорттук комплекстин алгачкы этабында курула турган объектилердин жер тилкелери боюнча аукциондун экинчи этабы жарыяланганын "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Маалыматка ылайык, аукциондо курулушу жүрүп жаткан "Жыргалаң" курортунун шаарчасы жайгаша турган аймактагы курортту өнүктүрүү үчүн зарыл болгон туристтик жана инфраструктуралык объекттерди камтыган 36

Бишкектин айрым аймактарында убактылуу суу өчөт

Бишкектин айрым аймактарында убактылуу суу өчөт

2026-жылдын 24-мартында саат 09:00дөн 24:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Шаардык мэриянын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, суу берүүнү токтотуунун себеби  «Северный» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында

Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киргизилди

Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.  Мыйзам 2026-жылдын 26-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Бул Мыйзамдын максаты мамлекеттик алым төлөөдө жарандар үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.  Мыйзамда мамлекеттик алымды банкоматтар, төлөм терминалдары, интернет-банкинг, электрондук