Д.Трамп: Венесуэла АКШга 50 млн баррел мунай берет
Дональд Трамп Венесуэланын өткөөл бийлиги АКШга жогорку сапаттагы 30-50 млн баррел мунай берерин ал бүгүн өзүнүн Truth Social социалдык түйүнүнө жазганын "Азаттык" жарыялады
“Венесуэладагы убактылуу бийлик АКШга 30 миллиондон 50 миллион баррелге чейинки жогорку сапаттагы, санкцияланган мунайды өткөрүп берерин кубаныч менен жарыялайм. Бул мунай базар баасында сатылат жана Венесуэла менен АКШ элинин пайдасына колдонулушун камсыз кылуу үчүн ал акчаны президент катары мен көзөмөлдөйм!”,-деп жазган Д.Трамп.
Трамп АКШнын энергетика министри Крис Райттан бул планды токтоосуз аткарууну суранганын, мунай атайын кемелер менен алынып, түз эле АКШдагы жүк түшүрүүчү жайларга жеткирилерин кошумчалады.
Адистер белгилегендей, 2005-жылга бул өлкө АКШга эң негизги мунай сатуучу болчу. Бирок ошол кездеги президенти Уго Чавес 2007-жылы өлкөнүн өнөр жайын улутташтырып, анын ичинде Венесуэлада иштеп жаткан америкалык компаниялардын мүлкүн конфискациялагандан кийин кырдаал кескин өзгөргөн.
3-январда АКШ Венесуэлада аскердик операция өткөрүп, президенти Николас Мадурону жана дагы бир нече кишини алып кеткенден кийин Трамп АКШнын компаниялары "бул өлкөгө барып, миллиарддаган доллар сарптап, талкаланган инфраструктурасын калыбына келтиришет" деп жарыялаган.