Ипотекалык батир берүүдө мигранттарга жеңилдиктер болот

Ипотекалык батир берүүдө мигранттарга жеңилдиктер болот

Ипотекалык батир маселесинде мигранттарга өзүнчө кезек түзүү же жеңилдиктерди берүү мүмкүнчүлүгү карала тургандыгын өлкө башчысы “Кабар” агенттигине берген маегинде айтты. 

“Бүгүнкү күндө Мамлекеттик ипотекалык компания миллиарддаган уставдык капиталы бар ири институтка айланды. Азыркы уставдык капиталы — 87,5 млрд сом, келечекте 200 миллиард сомго жеткиребиз деп турабыз.

Эгер батирлерди өздүк наркында берсек, компания бат эле банкрот болуп калмак. Анткени 25 жылдык мөөнөт, инфляциянын таасири жана компаниянын минималдуу кирешеси да эске алынууга тийиш. Ошондуктан баа саясаты ушундай болуп жатат.

Ошого карабастан, мигранттарга өзүнчө кезек түзүү же жеңилдиктерди берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгабыз. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн батирлерди азыркыдан да арзанырак берүү маселесин кошумча талдап көрөбүз”,-деди Жапаров.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Өзбекстан эмгек миграциясы боюнча кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан менен Өзбекстан эмгек миграциясы боюнча кызматташтыкты кеңейтет

Бүгүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Сагынбаев Кыргыз Республикасындагы Өзбекстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саидикрам Ниязходжаев менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушууда тараптар эмгек миграциясы жана социалдык маселелер боюнча кыргыз-өзбек кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Анын ичинде калкты жумуш менен камсыз кылуу, социалдык коргоо

Дыйкандарга арпа, буудай жана кант кызылчасын көбүрөөк эгүү сунушталды

Дыйкандарга арпа, буудай жана кант кызылчасын көбүрөөк эгүү сунушталды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идирисов дыйкандарга арпа, буудай, картошка, пияз жана кант кызылчасы сыяктуу социалдык маанилүү айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө өзгөчө көңүл бурууну сунуштады. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Анын айтымында, дан эгиндери жана кант кызылчасы өлкөнүн

Күрөөнүн баасын атайылап төмөндөтүү алдамчылык – Г.Кожогулова

Күрөөнүн баасын атайылап төмөндөтүү алдамчылык – Г.Кожогулова

Депутат Гуля Кожокулова парламент жыйынында насыя боюнча күрөөнүн суммасын атайылап төмөн баалоону банктардын тузагы деп атады. Анын айтымында, күрөө мүлкү рыноктогу чыныгы баасына ылайык бааланбайт. "Жарандар катуу шарттарга туш болуп, насыяларын белгиленген мөөнөттө төлөй албай калышат. Канча тагдыр талкаланды, канча адам өз жанын кыйды! Коммерциялык банктардын жоопкерчилигин да караш

Бажылык тариздөө мыйзамдарын бузган эки компания мамлекетке 5,7 млн сом төктү

Бажылык тариздөө мыйзамдарын бузган эки компания мамлекетке 5,7 млн сом төктү

Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгы товарларды бажылык тариздөөсүз мыйзамсыз пайдалануу фактыларын аныктады. Нарын шаарында убактылуу сактоого коюлган 18 тонналык майдалагыч жабдуу тиешелүү төлөмдөрү төлөнө электе эле ишкана тарабынан орнотулуп, пайдаланылып жаткандыгы белгилүү болгон. Ошондой эле "Ч.Ю." жана "Д.Д." компаниялары жооптуу сактоодо