Дүйнөлүк экономиканын акыбалы бүгүн кандай? 2026-жылы дүйнө элин эмне күтөт?

Дүйнөлүк экономиканын акыбалы бүгүн кандай? 2026-жылы дүйнө элин эмне күтөт?

Дүйнөлүк экономиканын көлөмү 2026-жылы 2,7%га өсөрү, бул 2025-жылга карата болжолдонгон 2,8%дан бир аз төмөн жана пандемияга чейинки орточо деңгээлден (3,2%) кыйла аз экенин БУУ баяндамасында айтылат.

БУУнун Жаңылыктар кызматы билдиргендей, өткөн жылы АКШда бажы төлөмдөрдүн кескин жогорулашына карабастан, дүйнөлүк экономикалык туруктуулук керектөө чыгымдарынын туруктуу болушу жана инфляциянын басаңдашы менен шартталып, өсүү темптерин сактоого жардам берген.

Баяндамада соодадагы чыңалуунун жарым-жартылай жумшарышы эл аралык соодадагы үзгүлтүктөрдү чектөөгө жардам бергени белгиленет. Ошол эле учурда, жогору бажы төлөмдөрдүн таасири жана макроэкономикалык белгисиздиктин күчөшү 2026-жылы дагы даана байкалат деп күтүлүүдө. Айрыкча жасалма интеллекттин тез өнүгүшү менен байланышкан тармактарда коркунучтар жогору бойдон калууда.

БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриштин айтымында,
экономикалык, геосаясий жана технологиялык карама-каршылыктардын жыйындысы дүйнөлүк ландшафтты өзгөртүп, кайрадан экономикалык белгисиздикти жараткан. "Көптөгөн өнүгүп келе жаткан өлкөлөр олуттуу кыйынчылыктарга дуушар болууда, натыйжада Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү дүйнөнүн чоң бөлүгү үчүн кол жеткис бойдон калып жатат",-дейт ал.

Өсүү туруктуу, бирок бирдей эмес

АКШда экономикалык өсүш 2026-жылы 2%ды түзөт деп болжолдонууда, бул 2025-жылдагы 1,9%га салыштырмалуу бир аз жогору. Бул монетардык жана фискалдык саясаттын жумшарышы менен колдоого алынат.

Европа Биримдигинде экономика 2026-жылы 1,3%га өсөт (2025-жылы — 1,5%), анткени АКШнын жогору тарифтери жана уланып жаткан геосаясий белгисиздик экспортко тоскоол болууда.

Жапониянын ИДПсы 2026-жылы 0,9%га өсөт деп күтүлүүдө, ал эми 2025-жылы бул көрсөткүч 1,2%ды түзгөн.

Постсоветтик мейкиндикте экономикалык өсүш 2026-жылы 2,1% деңгээлинде болот деп болжолдонууда жана 2025-жылга салыштырмалуу дээрлик өзгөрбөйт. Украинадагы согуштук аракеттер макроэкономикалык шарттарга терс таасирин тийгизип келет.

Чыгыш Азиянын экономикасы 2026-жылы 4,4%га өсөт (2025-жылы — 4,9%). Кытайдын ИДПсы 4,6%га өсөт деп күтүлүүдө, бул 2025-жылга караганда бир аз төмөн. Туруктуу керектөө жана олуттуу мамлекеттик инвестициялардын эсебинен Түштүк Азияда өсүш 5,6%, ал эми Индияда 6,6%и деңгээлинде болот деп болжолдонууда.

Африкада экономиканын көлөмү 2026-жылы 4%га өсөт деп күтүлүүдө, бул 2025-жылдагы 3,9%дан бир аз жогору. Бирок жогорку карыз деңгээли жана климаттык өзгөрүүлөр олуттуу коркунучтарды жаратып келет.

Соода, инвестиция жана инфляция

Баяндамда дүйнөлүк соода 2025-жылы бажы төлөмдөрдүн өсүшүнө карабастан туруктуу болуп, 3,8%га көбөйгөнү белгиленет. Бул күтүлгөндөн жогору көрсөткүч. Өсүш жыл башындагы алдын ала жеткирүүлөр жана кызмат көрсөтүүлөр соодасынын кеңейиши менен шартталган.

Бирок эксперттер 2026-жылы сооданын өсүшү 2,2%га чейин жайлайт деп божомолдошууда.

Ошол эле учурда, көпчүлүк региондордо инвестициялардын өсүшү алсыз бойдон калды. Буга геосаясий чыңалуу жана катуу фискалдык шарттар тоскоол болду. Айрым өлкөлөрдө монетардык саясаттын жумшарышы жана максаттуу фискалдык чаралар инвестицияларды колдоду, ал эми жасалма интеллекттин тез өнүгүшү айрым ири рыноктордо капиталдык чыгымдардын очокторун пайда кылды.

Эксперттер ИИден алынуучу потенциалдуу пайдалар иш жүзүндө ишке ашканда, алар тең бөлүштүрүлүшү мүмкүн эмес экенин эскертишет. Бул болсо учурдагы структуралык теңсиздиктин тереңдешине алып келиши ыктымал.

Баяндамда ошондой эле инфляция басаңдап жатканына карабастан, жогорку баалар дүйнөлүк деңгээлде негизги көйгөй бойдон калып жаткандыгы баса белгиленет.

Жалпы инфляция 2024-жылы 4%дан, 2025-жылы болжолдуу 3,4%га чейин төмөндөгөн. 2026-жылы ал дагы да басаңдап, 3,1%га жетет деп күтүлүүдө. Бирок жогорку баалар калктын реалдуу кирешелерине басым көрсөтүүнү улантууда.

Мындан тышкары окуңуз

Апрель айында бардык мугалимдердин маянасы 100% жогорулайбы?

Апрель айында бардык мугалимдердин маянасы 100% жогорулайбы?

Кыргызстан боюнча мектеп мугалимдери 2026-жылдын апрелинде  STEM багытындагы сабактарды жана англис тилин окуткан мугалимдерге гана көбөйүшү мүмкүн деген маалыматты Агартуу министрлиги четке какканын Kaktus.media жазды. Министрликтин маалыматы боюнча, Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык 2026-жылдын 1-апрелинен тартып билим берүү тармагындагы кызматкерлердин айлыгы азыркы деңгээлге салыштырмалуу 100% көбөйөт. Белгиленгендей, айлык акы бардык

Бишкекте №55 мектепке 1200 орундуу окуу корпусу курулуп жатат

Бишкекте №55 мектепке 1200 орундуу окуу корпусу курулуп жатат

Бишкек шаарында №55 мектепке кошумча 1200 орундуу жаңы окуу корпусу курулуп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, министр Нурдан Орунтаев тиешелүү департаменттин жетекчилери менен борбор калаада курулуп жаткан 20 мектептин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, аларды жеке көзөмөлүнө алууда. Курулуп жаткан объект борбор

Кыргызстандын геологиялык атласын түзүү демилгеси көтөрүлдү

Кыргызстандын геологиялык атласын түзүү демилгеси көтөрүлдү

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өлкөнүн геологиялык, геофизикалык жана минерогендик карталарынын атласын даярдоо демилгесин көтөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Бул долбоор боюнча экинчи жумушчу кеңешме Геология институту жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын М. М. Адышев атындагы институту менен биргеликте өткөрүлдү. Маалыматка ылайык, даярдала турган атлас аймактын геологиялык

Казакстандан алып келинген 56 тонна пияз Кыргызстан аймагына киргизилген жок

Казакстандан алып келинген 56 тонна пияз Кыргызстан аймагына киргизилген жок

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаментинин Чүй–Бишкек башкармалыгы Ак-Тилек – автожол өткөрүү пунктунда карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүү учурунда Казакстандан импорттолгон 56 тонна пияздын фитосанитардык сертификатындагы маалыматтарда дал келбестик бар экенин аныктады. Текшерүүнүн жүрүшүндө фитосанитардык сертификатта көрсөтүлгөн маалыматтар транспорттук (товар