Евробиримдик 2026–2027-жылдары Сирияга 722 млн доллар каржылык жардам көрсөтөт

Евробиримдик 2026–2027-жылдары Сирияга 722 млн доллар каржылык жардам көрсөтөт


Евробиримдиктин жогорку даражалуу өкүлдөрү 9-январда Сирияга алгачкы ирет расмий сапар менен барып, өлкөнүн убактылуу президенти Ахмад аш-Шараа менен жолугушканын "Азаттык" жазды.

Еврокомиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жана Еврокеңештин төрагасы Антониу Кошта Сирияны дээрлик 14 жылга созулган жарандык согуштан кийин калыбына келтирүү аракеттерин колдорун билдиришти.

Аш-Шараа эл аралык деңгээлде активдүү дипломатиялык аракеттерди жүргүзүп, Башар Асаддын тушунда Сириядан алыстап кеткен Батыш жана араб өлкөлөрү менен мамилелерди кайра жандандырып жатат.

Сапардын жүрүшүндө Антониу Кошта Евробиримдик 2026–2027-жылдары Сирияга 620 млн евро (722 млн доллар) көлөмүндө каржылык жардам көрсөтөрүн билдирди. Бул каражат гуманитардык жардамга жана калыбына келтирүү иштерин баштоого багытталат.

Асаддын бийлиги маалында санкциялардан улам реконструкцияга жардам берүү токтотулган эле, бирок азыр ал чектөөлөр алынган.

"Европа Сириянын калыбына келишине жана кайра курулушуна колдон келгендин баарын жасайт", — деп жазды Урсула фон дер Ляйен X социалдык тармагында.

Мындан тышкары окуңуз

Эки айда айыл чарба продукциясы 29,8 млрд сомго жетти

Эки айда айыл чарба продукциясы 29,8 млрд сомго жетти

Быйыл январь-февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда экономикалык өсүштүн оң динамикасы сакталууда. Бул тууралуу экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматына ылайык, ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү 264,1 млрд сомду түзүп, өсүү темпи 108,8 % болду. Айыл чарба тармагында эки ай ичинде 29,8 млрд сомдук

"Дордой" базарынын дал ортосунан өткөн жаңы жол курулат

"Дордой" базарынын дал ортосунан өткөн жаңы жол курулат

Бишкектеги "Дордой" базарынын ички инфраструктурасын жакшыртуунун алкагында Ибраимов жана Элебесов көчөлөрүн туташтыруучу жаңы жолду, ошондой эле борбордук өтмөккө чейинки кошумча жолду салуу пландалып жатканын калаа мэри Айбек Жунушалиевдин "Дордой" ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду. Тараптар базардын ички инфраструктурасын өнүктүрүү жана көрктөндүрүү маселелерин

Адамдарды кайырчылыкка тарткандарга 20 миң сом айып пул салынат

Адамдарды кайырчылыкка тарткандарга 20 миң сом айып пул салынат

Жогорку Кеңештин сот-укуктук маселелер, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитети кайырчылыкка каршы мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Мыйзам долбооруна ылайык, Укук бузуулар кодексине кайырчылыкка байланыштуу жаңы нормаларды киргизүү сунушталууда. Ага ылайык: * жолдун жүрүүчү бөлүгүндө кайыр сурагандыгы үчүн, * же коомдук жайларда адамдарга жабышып, акча же жардам сурагандыгы үчүн жаза

Бишкектеги №195 каттамдын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөртүлдү

Бишкектеги №195 каттамдын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөртүлдү

Бишкек шаарында оптимизациялоо иштеринин алкагында, 2026-жылдын 18-мартынан тартып №195 каттамдын кыймыл-чиймеси убактылуу өзгөртүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Буга ылайык, аталган каттам мындан ары Бөкөнбаев көчөсү аркылуу эмес, Логвиненко көчөсү аркылуу өтөт. Урматтуу шаар тургундары жана коноктору, киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алып, сапарларыңызды алдын ала пландап алууну өтүнөбүз. Ошондой эле коомдук транспортту