Туура 69 жылдан соң Герейт-Шорон мектеби жаңыланды
Ош облусунун Ноокат районунда жайгашкан Герейт-Шорон мектебинин имараты, 1956-жылы курулганына карабастан, быйыл толугу менен кайрадан салынганын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги маалымдады.
Учурда окуучулар жаңы мектеп имаратында билим алып жатышат.
Объекттин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, долбоордун жалпы наркы 74 млн сомду түздү.





Мектеп 550 окуучуга ылайыкталган, анын курамына эки кабаттуу окуу корпусу жана спорт залы кирет. Мындан тышкары, имаратта лаборатория, китепкана, медициналык кабинет, компьютердик класс, ошондой эле эркек жана кыз балдар үчүн эмгек сабактарынын кабинеттер каралган.
Мектептин жалпы аянты 1705 чарчы метрди түзөт.