Эми алкоголдук продукцияга акциз салыгы жогорулайт
Мамлекеттик салык кызматы 2026-жылдын 1-январынан тартып алкоголдук продукцияга карата акциз салыгынын ставкалары жогорулай турганын маалымдады.
Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы токтомуна ылайык, 2026-жылдын 1-январынан 2029-жылдын 1-январына чейинки мезгилде алкоголдук продукцияга акциз салыгы этап-этабы менен жогорулатылат.
Анын ичинде, 2026-жылдын 1-январынан тартып аракка карата акциз салыгынын ставкасы литрине 200 сом өлчөмүндө белгиленет.