Brent мунайынын баасы биринчи жолу 65 доллардан ашты

Brent мунайынын баасы  биринчи жолу 65 доллардан ашты

Лондондун ICE биржасынын маалыматына ылайык, 13-январдагы соодалашуу учурунда Brent мунайынын баасы 18-ноябрдан бери алгачкы ирет 65 доллардан жогорулады.

Жыл башынан берки баанын өсүшүнө АКШнын Венесуэладагы операциясы жана Ирандагы башаламандыктар себеп болду. Мындан улам рыноктун катышуучулары мунай жеткирүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн деп кооптоно башташты.

Күн мурун АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын соода өнөктөштөрүнө, анын ичинде андан мунай сатып алгандарга карата экинчи деңгээлдеги санкциялар киргизилерин жарыялаган. Чектөө чараларын айланып өтүүгө аракет кылган өлкөлөр үчүн америкалык компаниялар менен болгон каалагандай соода операцияларына 25%дык бажы алымы киргизилет.

Буга чейин америкалык Goldman Sachs инвестициялык банкынын аналитиктери 2026-жылдын аягына чейин Brent мунайынын баасы баррелине 54 долларга чейин түшөрүн, ал эми жылдык орточо баа 56 долларды түзөрүн болжолдошкон.

Мындан тышкары окуңуз

KOICA Кыргызстанга он даана Hyundai электромобилин тапшырды

KOICA Кыргызстанга он даана Hyundai электромобилин тапшырды

Корея Республикасы Кыргызстандагы мамлекеттик органдарга Hyundai IONIQ 5 үлгүсүндөгү он даана электромобиль тапшырганын Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, автоунааларды жеткирүү Корея тарабынан каржыланып, Кыргызстанда экологиялык жактан таза транспортту өнүктүрүү жана мамлекеттик автопарктарды электромобилдерге өткөрүү долбоорунун алкагында ишке ашырылды. Долбоор Кореянын эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA)

Соң-Көлдө мыйзамсыз балык уулоо катталган жок

Соң-Көлдө мыйзамсыз балык уулоо катталган жок

2026-жылдын 28-февралынан 2-мартка чейин "Соң-Көл балык чарбасы" Мамлекеттик ишкананын кызматкерлери тарабынан Соң-Көл көлүндө мыйзамсыз балык уулоого каршы рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү. Рейд учурунда Соң-Көл көлүнүн акваториясынын үстүндө жана жээк тилкесинде текшерүү иштери жүргүзүлдү. Натыйжада мыйзамсыз балык уулоо фактысы жана ээсиз синтетикалык балык уулоочу торлор аныкталган жок. Суу ресурстары, айыл

Кыргызстан февралда Россияга 46,8 миң автоунаа экспорттоду

Кыргызстан февралда Россияга 46,8 миң автоунаа экспорттоду

2026-жылдын февраль айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан Россияга жаңы автоунааларды экспорттоо боюнча лидер бойдон калганын "Автостат" аналитикалык агенттигинин жетекчиси Сергей Целиков билдирди. Анын айтымында, февраль айында жеңил автоунаалардын импорту 35%га өскөн. Тагыраагы, бул айда Кыргызстандан Россияга 46,8 миң жеңил автоунаа импорттолгон. Бул өткөн жылдын февраль айына (35

Кыргызстанга 4 миллиондон ашык гүл алып келинди

Кыргызстанга 4 миллиондон ашык гүл алып келинди

8-Март майрамынын алдында Кыргызстанга 4 миллиондон ашык гүл импорттолгонун Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жазгы майрамдардын алдында жаңы үзүлгөн гүлдөрдүн импорту салттуу түрдө сезондук өсүштү көрсөтөт. Февраль айынын башынан бери Кыргызстанга 4,07 млн даана жаңы гүл алып келинген. Январь айына салыштырмалуу жеткирүүлөрдүн көлөмү 31%га