Соң-Көлдө мыйзамсыз балык уулоо катталган жок

Соң-Көлдө мыйзамсыз балык уулоо катталган жок

2026-жылдын 28-февралынан 2-мартка чейин "Соң-Көл балык чарбасы" Мамлекеттик ишкананын кызматкерлери тарабынан Соң-Көл көлүндө мыйзамсыз балык уулоого каршы рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү.

Рейд учурунда Соң-Көл көлүнүн акваториясынын үстүндө жана жээк тилкесинде текшерүү иштери жүргүзүлдү. Натыйжада мыйзамсыз балык уулоо фактысы жана ээсиз синтетикалык балык уулоочу торлор аныкталган жок.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Балык өнөр жайы комплекси департаменти браконьерликке каршы күрөшүүгө, мыйзамдарды сактоого жана көлдүн экосистемасын коргоого чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Электромобилдерди бажы алымсыз ташып кирүүнүн квотасы соңуна чыгууда

Электромобилдерди бажы алымсыз ташып кирүүнүн квотасы соңуна чыгууда

Мамлекеттик бажы кызматы 2026-жылга карата электромобилдерди бажы алымсыз ташып кирүү квотасы аяктап жаткандыгын маалымдады. Бажы кызматынын маалыматына ылайык, ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында, Мамлекеттик бажы кызматынын расмий сайтында калган квотанын санын реалдуу убакыт режиминде көрсөтүп турган онлайн-эсептегич ишке киргизилген. Андагы маалыматтар жеңилдикти колдонуу менен электромобилдерди бажылык тариздөөдөн өткөрүү

Бишкектеги Магистраль көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкектеги Магистраль көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

1-июлдан тарта Бишкектеги Магистраль көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылат.  Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, чектөө Садырбаев көчөсүнөн Манас айылына чейинки тилкеге киргизилет. Бул тилкеде курулуш жана оңдоп-түзөө иштеринин башталышына байланыштуу жол жабылууда. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен

1 млн доллардан ашык акчаны алдап алып, качып жүргөндөр издөөгө алынды

1 млн доллардан ашык акчаны алдап алып, качып жүргөндөр издөөгө алынды

ИИМдин тергөө кызматы тарабынан Antares Trade каржы пирамидасын уюштуруу жана анын мыйзамсыз ишмердүүлүгү боюнча кылмыш иши ар тараптуу, толук жана объективдүү иликтенген. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тергөө учурунда аныкталгандай, 2020-жылдын октябрь айынан 2021-жылдын июль айына чейинки мезгилде чет мамлекеттин жарандары С.Т., Д.

Ветеринария кызматына 6,6 млн сомдук техникалар тапшырылат

Ветеринария кызматына 6,6 млн сомдук техникалар тапшырылат

Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыттар жана тоют кызматына кызматтык автоунаа жана жайыттарга мониторинг жүргүзө турган заманбап техникалык жабдууларды тапшырат. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, техникалар жана жабдуулар ФАО